Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 15-февралында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын жетекчилерин шайланбай калышынан келип чыккан терс кесепеттердин таасирин азайтууга укуктук негиз түзүү болуп саналат.
Кабыл алынган Мыйзамда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин кызмат орундарына шайлоо маселесинде жергиликтүү кеңештин депутаттарынын катышуусунун сандык көрсөткүчү жалпы депутаттардын саны – “кеминде үчтөн экиси” дегенден “көпчүлүгү” деп алмаштырылды. Башкача айтканда жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аткаруу органдарынын жетекчилерин кызмат орундарына шайлоого жергиликтүү кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү катышса, шайлоо мыйзамдуу болуп эсептелет деген ченем киргизилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ