Биздин гезиттин кеңсесине Балыкчы шаарынын тургундарынан тоголок кат келип түштү. Мазмунуна үңүлсөк, экс-депутат Жуман Акулуевдин шектүү иштерине байланышкан маселени укук коргоо органдары тиешелүү деңгээлде иликтөөгө албай жатканы баяндалган. Буга удаа 2015-жылы Балыкчы шаарынын ошол кездеги судьясы Бактыгүл Беккулиеванын пара менен кармалганына карабастан, ага байланышкан соттук иш үч жылдан бери жылып келгенине ачууланган жергиликтүү тургундар жогорку бийликке арыз менен кайрылышкан. Ишти караган баш калаадагы Октябрь районунун судьясы Кымбат Архарова кесиптешине байланышкан ишти атайылап кечеңдетип жатабы? Дал ушул Бактыгүл Беккулиева менен Жуман Акулуевге байланышкан иштерди тездетип, акыйкат чечим чыгаруу үчүн кайрылуу каты маалымат каражаттары менен борбордук бийликке келип түшүүдө. Президенттик аппарат буларга чара көрөр бекен?
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ