Бишкек-Ош унаа жолунда (132-137, 198-255 чак.) коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 3-мартынан 9-мартына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.
Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы–Премьер-министрдин 2018-жылдын 02-мартындагы №6 буйругу чыккан.
Жогорудагы иш-чараларды Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137, 198-255- чакырымдарында жүргүзүү үчүн, КРнын КК Генералдык штабынан 1 артиллериялык эсеп, 2018-жылдын 3-мартында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынан саат 09:00дө КР ӨКМ ыкчам тобу менен биргеликте жолго чыгышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ