Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондугуна байланыштуу, 21-22-мартта Чүй облусунун Жайыл районундагы “Сосновка” постунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы “Арал” постунда жана Талас облусунун Талас районундагы Өтмөк ашуусунда саат 21:00дөн саат 06:00гө чейин, унаалардын баардык түрлөрү үчүн жол каттамын жабуу боюнча КРнын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы, Премьер-министрдин 2018-жылдын 20-мартында №12 буйругу чыккан.
Кечээ, 21-мартта Бишкек-Ош унаа жолунун “Сосновка” постунда, “Арал” постунда жана Өтмөк ашуусунда саат 21:00дөн тартып унаалардын бардык түрүнө каттам убактылуу жабылган.
Бүгүн, 22-март күнү убактылуу жабылган посттор, таңкы саат 06:00дөн баштап ачылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ