Menu

Мактагандар өлө коркунучтуу

Бөлүшүү:

Тактыга келип отургандарды айга,күнгө теңеген мактоочулардын  аккан шилекейлерине чимейилдер үймөлөктөшүп турганы деле ырас. Койчолук болбосо да, кодиктей кадырым бар дегендердин  дене бойду ичиркенткен “даамсыз” кептерин уга берип аллергияга чалдыккан эл айла жоктон күлбөгөндө не кылат. Баягыл бечара дагы көнгөн адатын карматып ажону мактай баштаптыр деген сөздүн калпы жок. Анысына карабай эле  эптеп үнүмдү угузсам болду деген илгерки экс-спикерлер,академик сыяктуулар, ат кошчулар, координаторлор, серепчилер,  тилинен тайгаланып тумшукка жегендер  Сокени  даңазалоого өтүштү.

Аттиң, бирок ошондой эки жүздүүлөрдөн качан жакшылык көрдүк эле?  Андайлар  жылуу жердин “кошокчусу” болуудан кайра тартчу беле?  Демек, адал менен арамды “сорттоп” туруп  чечимге келүү зарылдыгы келип чыкты.  Өзгөчө  там айланганча  көзүн алаңдатып жиберчүлөрдөн сак болууга үндөп коюш атуулдук парзыбыз.  Балкыткан кептин баарынын  эле дарылык касиети болбойт. Андан көрө ачуу болсо да чын пейилден айтылган сын  пайдалуу.  Кулакка жагымдуу, балдай ширин кептин келечеги бараандуу болбойт десек  бизди бирөө кой  дейби ботом?

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: