Бишкек жылуулук электр борборундагы коррупцияны иликтеген депутаттык комиссия өз ишин жыйынтыктап, өткөн жумада кызуу талкуунун алгачкысын баштады. Коомчулуктун бүйүрү кызып, көп нерсени күтүүдө. Бирок, бизге жеткен маалыматтарга караганда тыныгуу алган күндөрү эл өкүлдөрү «обработкадан» өтүп, ар кандайжолдор менен мизи кайтарылды. Далайынын алаканы кызып, мурутунан май тамганы айтылат. Демек, эртеңки жыйын жылуу жумшак тейде жүрүп, адаттагыдай жабат шекилди. Албетте, президент муну жөн койбойт деген ниет бар. Жегендер жок дегенде куссун да.
Булак: Мантыш
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ