Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын торагасы Алмаз Алимбековду кабыл алды. Анда Абылгазиев тоокен өндүрүү тармагындагы бардык процесстердин ачыктыгын камсыздоо зарылдыгын айтты. Ошондой эле, кендерди иштетүүгө даярдык көрүүдө жергиликтүү калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.
«Кыргызалтын» ишканасынын торагасы Алмаз Алимбеков Өкмөт башчыга уюмдун учурдагы иши тууралуу маалымат берди. 2017-жыл жыйынтыгы боюнча, Centerra Gold Ink. дивиденддеринен тышкары, «Кыргызалтындын» жалпы кирешеси 99,5 миллион сом-ду түздү. Республикалык бюджетке салык жана чегерүүлөр түрүндө 161 млн сомдон ашуун каражат которулган. Бюджетке жалпы төлөмдөр 536 миллион сомдон ашуун сумманы түздү. Алмаз Алимбековдун айтымында, 2017-жы-лы үч жыл аралыгында алгач ирет «Солтон Сары» кени чыгашалуу разряддан кирешелүү разряд катарына кирип, анын кирешеси 21 млн сомду түздү.
Булак: Мантыш
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ