Menu

Алмаматов катырды! Эми аны “качыргандар” жаза алабы?

Бөлүшүү:

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов коррупциялык схема түзгөн деп айыпталып, Октябрь райондук соту тарабынан 12,5 жылга эркинен ажыратылган. Алмаматовдун айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупциялык схемасын далилдеген видеотасма да жарыяланган.

Ал эми Бишкек шаардык соту 09.07.2019-жылдагы өкүмү менен Н. Алмаматовго карата райсоттун өкүмүн бузуп, ага 3 миллион 300 миң айып пул салуу менен эркиндикке коё берген.

Шаардык соттун аракети журналисттер тарабынан сынга алынып, коомчулук коррупциянын айкын далили болуп турган фактыны бурмалагандыгы үчүн сот органдарын аша сөгүп киргенде, прокуратура Жогорку сотко кайрылууга аргасыз болду окшойт. Эгерде журналисттер көтөрүп чуу чыгарбаса, балким “жабылуу аяк жабылуу бойдон” калып кетмек.

Жогорку сот 30-октябрдагы токтому менен Шаардык соттун коллегиялдуу өкүмүн жокко чыгарып, Октябрь райондук сотунун 25-марттагы өкүмүн күчүндө калтырган. Ага ылайык Алмаматов кайра абакка камалышы керек болчу. Тилекке каршы, милиция аны сыйпалап издеп таппай калып, издөө жарыялады. Учурда коомчулук окуянын аягына эмне болоор экен,- деп кулак түрүп турат.

Анткени, Жогорку соттун актысы акыркы жана ага даттанылууга жатпайт. Демек, Бишкек шаардык сотунун ишти
караган коллегиясы сот адилеттигине жатпаган сот актысын кабыл алган. Мыйзам боюнча аларга карата чара колдонулушу керек.

Мындай жагдай кыргыз сотунун практикасында буга чейин да болгон. Мисалы, 2011-жылы 16-апрелде “Бета Сторес-3” соода борборунун технологу Гюнеш Йылмаз деген түрк жаранына ал жерде сатуучу болуп иштеген Чолпон Орузбекованы тепкилеп, зордуктоого аракет кылды,-деген айып менен кылмыш иши козголуп, райондук сот камакка алган.

Анда дагы Бишкек шаардык соту ишти адилетсиз карап, Гюнеш Йылмаздын камактагы баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарып жиберген. Шаардык соттун мындай мыйзамсыз чечимин коомдук активисттер көтөрүп чыгып, каршылык акцияларын уюштурган. Анткени, Г. Йылмаз Түркиянын жараны болгондуктан ага карата үй камагына чыгаруу мүмкүн эмес болчу. Ага карабай «эргул» кыргыз соттору коё бергенде, Г. Йылмаз алды-артын карабай качып баратып, Казакстандын Кытай менен чектешкен жеринен колго түшүп калган. Аны Бишкекке алып келип, Жогорку сот Шаардык соттун чечимин жокко чыгарып, кайра камакка алган. Кудум эле азыркыдай сценарий.

Эми андан кийинкисине көңүл буруңуздар! Коомдук нааразычылык акцияларынан кийин Гюнешь Йылмазга карата мыйзамсыз сот актысын кабыл алган Бишкек шардык сотунун соттук коллегия мүчөлөрү Людмила Нарымбаева (ал учурда Өкмөттүн парламенттеги өкүлү болуп турган Данияр Нарымбаевдин аялы), Жыпаркүл Калыбекова жана Майа Бейшеновалар Президент Роза Отунбаеванын буйругу менен кызматтан алынган.

Так что, күтө туралы!..

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: