Menu

Видео – Бакыт Үзөнбаев, “Даңк” медалына татыган ыктыярдуу чек арачы: “Аксынын Дерес айылында 130 гектар жердин 93 гектар жерин Өзбекстанга бергени жатышат”

Бөлүшүү:

“Аксы районунун Дерес-Өрүкзар (эски аты Жети-Загара) участкасында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында 130 гектар кыргыз жерин Өзбекстан СССР учурунда пайдаланып келген. Бирок, 1955-жылы картасы чийилип, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Абды Сүйөркулов менен Өзбек ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Нуритдин Мухитдинов кол коюшкан келишим боюнча анын 93 гектары Кыргызстандыкы деп таанылып, бирок убактылуу пайдаланып туруу үчүн, ижарага Өзбекстанга калтырылган”, – деп билдирди ыктыярдуу чек арачы, чек араны коргоодогу эрдиги үчүн мамлекеттик “Даңк” медалына татыган Бакыт Үзөнбаев бүгүн, 19-апрелде.
“Андан кийин 1978-жылы Аксы районунун ошол кездеги жер адиси Касымбек Соорбеков баш болгон кыргыз адистери менен Өзбекстандын Үйчи районунун жана Наманган облусунун жер адистери жерди кайра ченеп, картасын чийип, кайра эле 93 гектар Кыргызстандын жери деп таанып, кол коюшкан. Азыр Касымбек Соорбековдун көзү тирүү, пенсионер. Ал киши “1955-жылдагы карта менен документтерди көтөрсөк эле жер биздики экенин далилдеп берем” деп күтүп олтурат”, – деди Үзөнбаев.
“Эми 2018-жылы Кыргыз өкмөтүнүн Жеңиш Разаков, Курбанбай Искендеров баштаган аткаминерлери ошол Өзбекстан убактылуу пайдаланып жүргөн 130 гектардын 93 гектарын Өзбекстанга берип, бизге 37 гектарын калтырган документке кол коюшуптур. Биз акыркы документтен эле 39 гектар жер уттуруп жатабыз. Ошондуктан мен тез арада бул ишти иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлүүсүн талап кылам. КР Президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылып, мындай келишимге жол берген аткаминерлерди жазалоону өтүнөм”, – деди ыктыярдуу чек арачы Бакыт Үзөнбаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: