Президенттин аппарат башчылыгынан Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министр болуп кеткенден бери ал орун бош турат. Бир айга чукул убакыт өттү. Эмне үчүн ушул күнгө чейин президенттин аппарат башчылыгына татыктуу кадр табылбай атат? Мурдагы практикалардан алсак, мындай жооптуу кызмат ат тезегин кургатпай эле өз ээсин тапчу да. Биздин баамыбызда, президенттин аппаратынын орун басары Досалы Эсеналиев дал ушул орунга ар тарабынан туура келмек. Досалы мырза кайсы жерде иштебесин, жоопкерчиликти жогору тутуп, өз кызматын ак ниеттүүлүктө жана берилүү менен аткарат. Аппаратчик катары сейрек кадр экенин да билебиз. Иши аркылуу ийгилик жаратканы үчүн ал барктуу!
Арстан Алгырбеков
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ