ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ыкчам бажысынын кызматкерлери Баткен областында З. уулу О. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “ВОЛЬВО-FН12” үлгүсүндөгү транспорт каражатын “Шмитц” маркасындаты чиркегичи менен токтотуп текшерүүгө алышкан.
Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы суммасы 1 200 000 сомдук 20 000 кг “Коон” табылган.
Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБдин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштуү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.
Булак: “Факты.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ