Menu

АША неге унчукпайт: жаш кадрлардын, элдин тагдыры аны кызыктырбайбы? 

Бөлүшүү:

Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу сарпталган 386 млн доллардын тагдырын иликтөөгө алган депутаттык комиссиянын корутундусу парламентте талкууланып, ал боюнча тиешелүү органдардын иликтөөсүнө берилген атайын токтом кабыл алынды. Азыркы күнгө чейин бул маселе боюнча тиешеси бар делген 7 чиновник камакка алынды.

Андан сырткары дагы бир топ аткаминерлер суракка чакырылып атканын көрүп атабыз. Мисалы, ТВЕА компаниясына тиешелүү иш боюнча (мектеп курулушу) Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов суракка чакырылып, өлкөаймагынан сыртка чыгуусуна тыюу салынды. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков да бул маселе боюнча сурак берип жүрөт.

Ал эми бул ишке тиешеси бар делген чиновниктердин эң жашы (35 жаштагы) Айбек Калиев учурда камакта. Бирок, эмнегедир экс-президент Алмазбек Атамбаевден үн чыкпайт. Убагында анын ушул ТЭЦти модернизациялоо боюнча демилгесин колдоп, анын айткандарын кыйшаюусуз аткаргандардын тагдырына да кызыкпаган өңдүү.

Бирок, ал жеке өзүнө тиешелүү сөздөр айтылган учурда чырылдап чыга калып жатканын да көрүп атабыз. Мисалы, парламентте анын “экс-президент” статусун алуу боюнча сунуштар айтылып чыкканда, КСДП партиясынын маалымат катчысынын оозу менен “мыйзам артка иштебейт” деп чыкты. Болду, андан башка үн жок.

Андыктан, анын унчукпай отурганы, өз айыбын билип, эми “ушундан кандай жол менен кутулсам экен” деген жаңы план түзүп жатканын түшүндүрүп тургансыйт. Ал үчүн ага ишенген жаш кадрлардын (Айбек Калиев сыяктуу) тагдыры, мамлекеттин тагдыры бир тыйын экенин далилдөөдө. Эптеп эле өзүнүн кара башын калкалап калуунун амалында болуп жаткансыйт. Эгерде ал өз командасынын, өзүнүн тазалыгына ишенсе, анда эмдигиче “ТЭЦ боюнча жакшы ниет менен иш жасадык эле, бирок ал жакта өтө чоң коррупция жойлоп кетиптир, мунун күнөөлүүлөрүн таап жазалап, күнөөсүздөрүн жөн эле курмандык кылбайлы” деп бир ооз айтып чыгат болчу. Тилекке каршы, ал өзү да таза болбой жатпайбы.

Булак: Учур

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: