Экономика боюнча экс-министр Арзыбек Кожошевди да УКМК 29-майда Бишкек ТЭЦиндеги модернизация боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында суракка алган. Бул тууралу ал өзү Tazabek агенттигине билдирген.
Анын айтуусу боюнча УКМКнын тергөөчүлөрү аны 2013-жылы ал Каржы министринин орун басары болуп турган кезде Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча кредиттик келишимдин долбооруна Каржы министрлиги эмне үчүн терс корутунду бергенин түшүндүрүп берүүнү сурашкан. Ал кредиттик келишимдин айрым пункттары так эмес болгондуктан терс корутунду беришкенин айтып берген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ