Оперативдүү маалыматтардын негизинде Жалал-Абад ОИИБнин Криминалдык милиция кызматкерлери Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын Ленин көчөсүнүн тургуну 51 жаштагы Ю.М аттуу аялдын үйүнө калыстардын катышуусунда тинтүү жүргүзгөн учурда, жашаган үйүнүн ичиндеги шкафтын үстүндөгү нан бышыруучу мечтин ичинде жашырылып турган, атайын оролгон 0,5 килограмм (0.490гр) болгон “гашиш” баңги заты табылды. Бул туралуу ИИБ басма сөз кызматы билдирет.
Аталган факты боюнча Ю.М аттуу аялга карата КР Кылмыш Жаза кодексинин 247-беренесинин 3-б. 4-п. менен кылмыш иши козголуп, камакка алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Бул айым буга чейин да баңги затына байланыштуу 3 жолу сот жообуна тартылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ