Menu

Ташкентте «Настоящее Времянын» кабарчысы 6 саат суракка алынды

Бөлүшүү:

Ташкентте «Настоящее Время» телеканалы менен кызматташып жүргөн көз карандысыз журналист Сид Янышев милиция тарабынан кармалды. Ал алты саат суракка алынып, жанындагы сүрөттөр менен видеоматериалдар толук өчүрүлгөндөн кийин бошотулду.

Жергиликтүү ММКлардын маалыматына караганда, Янышев Ташкент-Сити комплексинин курулушу үчүн турак-жайлар түрттүрүлүп жаткан райондун тургундары менен сүйлөшкөндүгү үчүн кармалган. Буга чейин шаар бийлиги райондун жашоочулары он күндүн ичинде өз эрки менен үйлөрүн бошотуп беришпесе, күч менен чыгарыларын эскерткен.

Янышевдин айтымында, ал жергиликтүү жашоочулар менен сүйлөшүп, алардын айткандарын диктофонго жаздырып, андагы көрүнүштү бир канча жолу сүрөткө тартып алган. Көп өтпөй анын жанына эки милиция кызматкери келип, Өзбекстанда «көз карандысыз журналист» деген түшүнүк жок экенин жана журналисттик ишмердүүлүк менен алектенүү үчүн кайсыл бир ММКнын аккредитациясы керектигин билдиришип, анын интервью алып, сүрөткө тартууга укугу жок экенин айтышкан.

“Мен болгону журналист катары өз ишимди кылып жаткам. Эч кандай мыйзамсыз кадамдарга барган эмесмин”, – деди Янышев.

Журналист буга чейин «Настоящее Время» телеканалы үчүн Өзбекстандагы чыныгы жашоону көрсөткөн бир нече сюжет даярдап берген. Алардын арасында өлкөдө кантип доллар сатып алса боло тургандыгы жөнүндөгү материалы дагы бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: