– Америка кошмо штаттарындагы элдин жашоосу боюнча азыр интернет менен коммуникациянын заманы болгондуктан ар кандай маалыматтар, видеолор көп. Мен дагы көргөн кызыккан, жерлеримди тартып, интернетке жарыялап турам. Мага Америкадагы чоң шаарлар, көкө тиреген үйлөр таңкалычтуу таасир калтырган жок. Анан калса мен бийиктикке чыккандан өлө корком, башым айланат. Mara баарынан кызык болгону табияттын сулуулугу, тынчтык, бейпилдик, темирдей тартип, адfмдардын бир бирине жасаган маданияттуу мамилеси. Анан айрыкча шаар аралап оттоп жүргөн бугуларды, каалаган жагына эркин учуп жүргөн, бассейндерде адамдар менен жарыша сүзүп жүргөн каз өрдөктөр суктандырат. Эгер буларга нан же жер жемиш берсең, колуңа келип тартынбай жейт. Мына ушунун баарына Америка кантип жана кандай жол менен жетти? деген суроонун үстүндө баарыбыз терең ойлонушубуз керек деп ойлойм.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ