Диловар Гулов.
Тажикстан Ички иштер министрлиги Душанбедеги милиция кызматкеринин сабалышын иликтейт. Бул тууралуу 10-июлда укук коргоо мекемесинин басма сөз катчысы Умарджони Эмомали билдирди.
Маалыматтарга караганда, жекшемби күнү 33 жаштагы ИИМ кызматкери Дилшод Нарзуллозода Тажикстандын мурдагы энергетика жана өнөр жай министринин уулу тарабынан токмоктолгон.
Улуттук медициналык борбордон кабарлашкандай, Дилшод Нарзуллозоданы мурду сынган, башынан оор сокку жеген. Буга байланыштуу ал ооруканага жаткырылган. Жабыр тарткан милиция кызматкери окуя тууралуу айтып берүүдөн баш тартты.
Тажикстандын мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Гүл Шерали тартип сакчысы анын уулу тарабынан сабалды делген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.
Мурдагы министрдин кошуналары 9-июль күнү анын үйү милиция кызматкерлери тарабынан курчалганын маалымдашты.
Айрым булактар мурдагы аткаминердин уулу Диловар Гулов 9-июлда милиция бөлүмүнө барып, көрсөтмө бергенин билдиришүүдө. Быйыл мартта ал бейбаштык үчүн 5 суткага камалган.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ