Чоң муштумдугу менен таанымал Чүй облусунун жетекчиси Туйгунаалы Абдраимовдун айылдаштары менен жыйын өткөрүп, карапайым жарандарды каарып, кекетип-мокоткону тууралуу маалымат сайттарында тасма жарыяланды. Ал тасмада Абдраимовго: “Сиз бул кызматка эмне максат менен келдиңиз, ушуну айтыңызчы?” – деген маселе кабыргасынан коюлат. Ага чычалап, кызаңдаган облус башчысынын: “Эркиңер барлар чыккыла, любоюң менен сүйлөшөм, эркекче. Мен 27 премьер-министр менен иштедим. Эл үчүн таза, калыс болдум. Эгер мен мыйзам бузсам, мени Акаев дагы, Бакиев дагы, Атамбаев досум дагы камамак. Мени коркута албайсыңар. Мени убагында Рыспек Акматбаев атам деп коркутканда, мен аны жиберчү жагына жиберип койгом” – деп кыйкырып жатканын көрүүгө болот. Мансабына таянып, жөнөкөй адамдар менен мушташкысы келген жоругуна, деңгээлине баракелде дегенден башка арга жок. Айтмакчы, Абдраимов күздө Мухаммедкалый Абулгазиевдин ордуна премьер-министр болот экен деген кептер жүрүүдө. Эгер имиштер чынга айланып кала турган болсо премьерге тунат экенбиз…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ