Өзбекстандын аскердик делегациясынын расмий сапарынын алкагында Казакстандын коргоо министри Сакен Жасузаков менен өзбек коргонуу мекемесинин башчысы Абдусалом Азизов «Ерік дала» деп аталган биргелешкен атайын тактикалык машыгууга катышты. Бул тууралуу 16-июлда Казакстандын Коргоо министрлиги билдирди.
Өзбекстан менен Казакстандын атайын операцияларды жүргүзүү күчтөрүнүн машыгууларында түнкүсүн чалгындоо жана аскердик аракеттерди көрүү тапшырмалары аткарылды.
«Эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн алдына коюлган тапшырмалар ийгиликтүү аткарылып, биргелешкен машыгуулардын биринчи этабы өз максатына жетти. Сапар маалында көптөгөн маселелер боюнча сүйлөшүп, ыкчам аскердик даярдык жана кадрларды даярдоо маселелерин чечүүдө толук түшүнүшүүгө келдик», – деп билдирди Жасузаков.
Ал машыгуулардын экинчи этабын Өзбекстандагы «Фориш» машыгуу борборунда өткөрүү пландалып жатканын кошумчалады.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ