Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупциялык иштерге оайланыштуу айыпталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган Жантөрө Сатыбалдиевдин жана анын жакындарынын мүлкү камакка алынды.
Айтсак, Жантөрө Сатыбалдиевдин өзүнө тийиштүү 2000-жылы чыккан Mercedes-Benz Б500 үлгүсүндөгү унаа, 2000-жылы чыккан Mercedes-Benz 500 үлгүсүндөгү унаа, 2008-жылкы Toyota Canary үлгүсүндөгү унаа, Бишкек шаарындагы Бектенов көчөсүндө жайгашкан турак жай.
Уулу Жоомарт Сатыбалдиевге тийиштүү Ош шаарындагы Анар кичи районунда жайгашкан дүкөн, 2015-жылы чыккан Toyota Camry унаасы.
Уулу Исламбек Сатыбалдиевге тийиштүү Чүй облусундагы Сокулук районуна караштуу Фрунзе айылындагы сегиз жер участогу, Ош шаарындагы «Ак-Тилек» кичи районундагы турак жай, МАЗ 6303-020 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа, МАЗ 6422 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа.
Дагы бир уулу Кубат Жантөрө уулуна караштуу 2006-жылы чыккан Lexus ЕС-350 үлгүсүндөгү унаа, 2008-жылы чыккан Mercedes-Benz ОЕК280 үлгүсүндөгү унаа, 2006-жылы чыккан Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаа, 2003-жылы чыккан МАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа, 2006-жылы чыккан КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа.
Жубайы Канышай Турдукеевага тийиштүү Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан өндүрүштүк имарат, Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан батир жана гараж, 2004-жылкы Lexus RX330 үлгүсүндөгү унаа, 1993-жылкы BMW 325 үлгүсүндөгү унаа, 2005-жылы чыккан Toyota Prado үлгүсүндөгү унаа камалды.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ