Жогорку соттун мурдагы аппарат жетекчиси Джекшен Джандралиев дүйнө салды. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.
Джекшен Эмилгазиевич Джандралиев эмгек жолун 1985-жылы стажер болуп Калинин райондук сотто баштаган, 1986-жылы ага консультант болуп Юстиция министирлигинде эмгектенген. 1987-жылдан тартып 1991-жылга чейин Калинин райондук сотунда судьялык кызматты аркалаган. Андан соң 1996-жылга чейин Калинин райондук сотунун төрагасы болуп иштеген. 1996-жылдан 1999 жылга чейин Чуй-Токмок шаардык сотун жетектеген, 1999-2003 жылдары Ош областык сотунун төрагасы болуп эмгектенген.
2004-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кеңешчиси болуп дайындалган. 2005-жылдан 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппарат жетекчиси болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ