Menu

Украина казак журналисти Жанара Ахметке качкын макамын берет

Бөлүшүү:

Украинанын Жогорку соту Мамлекеттик миграция кызматын казакстандык журналист Жанара Ахметке качкын макамын берүүгө милдеттендирди. Буга чейин украин прокуратурасы куугунтуктоолордон улам Казакстандан качып келген журналистти мекенине өткөрүп берүүнү талап кылган.

“Ал Украинада калат. Демек башкача ой жүгүрткөндүгү жана журналисттик тексттери үчүн мекенинде камакка алынбайт”, – деп жазды украин парламентинин депутаты Светлана Залищук.

Ахмет былтыр 21-октябрда Казакстандын талабы менен Интерпол тарабынан Киевде кармалган. Ошондон бери ал тергөө абагында камакта отурган. Мекенинде журналист алдамчылыкка айыпталууда.

Казакстанда Ахмет оппозициялык «Трибуна» гезитине макалаларын чыгарып, блогер катары оппозициянын бийликтин укук бузууларына каршы күрөштөрүн чагылдырып келген. Журналист Украинага кетээрден мурун Казакстанда ага бир нече кылмыш иши козголгон.

Украина жана Казакстанда активисттер менен журналисттердин көбү Ахметтин иши саясий мүнөзгө ээ экендигин айтып келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: