Menu

Курманбек Бакиев атындагы көчөгө орнотулган тактайча алынып, мыйзамсыз токтом чыгаргандарга чара көрүлө турган болду

Бөлүшүү:

Жалал-Абаддагы Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине качкын, канкор президент Курманбек Бакиевдин ысымын берүү тууралуу токтом жокко чыгарылат. Бул тууралуу Жалал –Абаддагы өкмөттүн облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Курманбек Бакиевдин ысымын көчөгө ыйгарган токтом артка кайтарылып, жокко чыгарыларын билдирген. Ал эми губернатордун айтымында, жергиликтүү кеңештин депутаттары мыйзамсыз токтом чыгарып, ал тууралуу облустук бийликке билдирген эмес. Мыйзамсыз кадамдарга баргандарга катуу чара көрүлөт. Көчө башына орнотулган тактайча демонтаж болуп алынган.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад облусундагы Ноокен районуна караштуу Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин ысымы ыйгарылганы 9-ноябрда маалым болгон. Андай маалыматты Рахманжан айылынын башчысы Жакшылык Эгембердиев да тастыктап, айылдык кеңештин жыйынына катышпаганын жана атын бергенге каршы болгонун билдирген.

Ал эми канкор Курманбек Бакиев жөнүндө айта кетсек, ал Кыргызстанды беш жыл (2005-2010-жылдары) башкарган. Беш жыл элдин чекесин жылытпаганы үчүн, мамлекетти алдыга жылдыра албаганы үчүн Кыргызстандан куулган. Тагырагы, 2010-жылдын 7-апрелинде революция болуп, ал өлкөдөн үй-бүлөсү, бир туугандары менен Беларус мамлекетине качып кеткен. Учурда Минск шаарында жашайт.

2010-жылдын 7-апрелинде митингге чыккан 90го жакын адам атылып, каза болгон. Апрель окуясы боюнча сот болуп, Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып тагылган. Курманбек Бакиевди 30 жыл, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыккан. Ошентип, Бакиевдер элдин жүрөгүндө так, тарыхка аттары кара тамга менен жазылып калган. Ошон үчүн калк Курманбек Бакиевди жек көрүп, ысымы берилмек түгүл телевизордогу тасмасы үчүн чуу чыгарышкан. Тагыраак айтканда, 30-июлда «New TV» жана «NUR TV» телеканалдары Бакиевди жактап, 1-августта белгиленүүчү 70 жылдыгы менен куттуктаган тасмаларды көрсөткөн. Ал тасма үчүн  «New TVнын» жетекчиси Нурланбек Шакиев жана «NUR TV» телерадиокомпаниясынын жетекчиси Бекболот Келдибеков профилактикалык маекке УКМКга чакырылган. Ал чакырууга баласынын ордуна атасы Ахматбек Келдибеков барган. Аларга “чагымчыл видеону жайылтууга жана коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге тыюу салынары” тууралуу эскертүү берилген.

Дагы бир баса белгилей кетчү нерсе, Курманбек Бакиевдин бийлигинде ИИМ министри болгон Молдомуса Конгантиевдин ысымы (23-октябрда Аламүдүн районундагы Көк Жар айылынын кеңеши “Полиция шаарчасы” деп аталып келген көчөгө) ыйгарылган. Ал дагы катуу сынга алынган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: