Menu

“Шеф Джимми” деген каймана аты бар КР Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков кызматтан кетүү тууралу арыз жазып бергени айтылууда

Бөлүшүү:

КР Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков Ак үйгө өз кызмат ордунан өз каалоосу менен кетүү боюнча арызын жазып бергенин бүгүн, 2-октябрда биздин булактар кабарлады.

Алмаз Оңолбеков май айынан бери бул кызматты аркалап келатат.  Ал арызын тапшырарда ““Тойдум байдын кызына!” Төрага болгонум менен бир да кадр маселесин чече албайм. Баарын “Катта” менен Лойла чечет. Анан эртең ал чечимдер үчүн мен камалып кетпейин. Эсиң барда этегиңди жап болойун” дептир. Баса Алмаз Оңолбековдун бажы тармагындагы каймана аты “Шеф Джимми” экен. Төрага көңүлү көтөрүлгөндө колуна гитара алып, “Джимми” деген ырды эзип ырдаганды жакшы көргөнүнөн мурунтан эле “Джимми” атап алышкан. Ал эми төрага болгондон кийин “Шеф Джимми” атыккан. Мындайда бир кезде “Кошелек” аталып жүрүп, кийин бажыга төрага болгондо “Уважаемый” аталган Малабаев дароо эске түшөт. Экс-бажы башчы Раим Матраимовду бажычылар “Катта” деген каймана ат менен аташат экен.

Ошондо “Шеф Джиммини” төрагалыкка “Катта” алып келгендиктен ага аралыктан таасир берүүгө анын юридикалык болбосо да моралдык укугу болсо керек. Бирок “Шеф Джимми” келечегинен коркуп жатыптыр.  Буга чейин бажыда төрага болуп иштеген Адамкалый Жунусовго кылмыш иши козголуп, укук коргоо органдарына 2 млн доллар пара төлөп, чет өлкөгө качуу укугун алганы айтылбады беле. Ал эми андан кийин төрага болуп келген Кубанычбек Кулматов болсо абакта жатат.  Баса, Кулматов башчылыкка келгенде бажы системасындагы кызматкерлердин баарын штаттан чыгарып, кадрлардын карамагына жөнөтүп, ал да “казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса” кылып жаткан. Анан ал кетип, “Шеф Джимми” келип, ошончо кызматкерлерди кайра штатка калыбына келтирип кирген.

Бирок “Шеф Джимминин” азыркы айтканы боюнча кадрларды дайындоо схемасы жөпжөнөкөй: “Катта” айтат – Лойла жазат (Лойла Исмаилова, КР Бажы кызматынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы) кагазын даярдайт – “Шеф Джимми” кол коёт. “Шеф Джимми” бул схеманын келечегинен чочулайт.

Кыскасы, жакынкы күндөрдө президент менен премьер-министр бул ишке кийлигишип, КР Бажы кызматына жаңы жетекчи келип калат окшойт.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: