Теледен чыгып алып, созулуп кооз сүйлөп, элге таанылгандардын бир тобун көпчүлүк укмуш, деңгээли бийик, акылдуу деп ойлошот. Чынында андай эмес. Аны турмуш өзү тастыктап жатпайбы. Мана ушундайлардын бири телеалыпбаруучу болуп жүрүп, кудайдан жөө качкандар топтолгон “Бир болчулардын” катарын толуктап, бир күнү ЖКда момурайып депутат болуп чыга келген Лунара Мамытова. Депутат катары жакшы маселени айта албады, “балыктардын” бири болду. Анан көп өтпөй Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кылып жөнөтүшкөн. Ал жерде да жөн иштебей элдин сынына кабылып турат. Эмнеге дегенде Лунараны министр Исакуновадан кем калбай, “лунатик” болуп элдин эсебинен дүйнөнү кыдырып кетмейи бар дешти. Бул жагы да бир топ ачыкталып, укук коргоо органдарына сурак берип турган кези. Анан калса, Мамытова 3-4 миң сом алган пенсионерлерди шылдыңга алгансып: “пенсияңарды чогултуп алып, дүйнө кыдыргыла” – деген таризде жазыптыр. Мамытованын бул “ачылышын” кыргыз эли келжирек кептердин бири катары кабылдады.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ