Акыркы күндөрү Кыргызстандан качып кеткен куйту Өмүрбек Бабановду актоо агитациясы катуу жүрүп жатат. Өзгөчө Бабановго салыштырмалуу адамкерчилиги жогору Казакбаев Руслан ушунчалык “гряз” болсо да, бир чети жердеши, бир чети досу Бабанов үчүн жаналекетке түшүп келет. Аз күн мурун президентке бул маселе боюнча кайрылуу да жолдоп жиберди. Бийлик болсо буга чейин эле Бабановго козгоп койгон кылмыш иштерин кыскарта чаап баштаган. Ошентип, качкын, рейдер атка конгон БӨТтү актоо иши ийгиликтүү жүрүп жаткандай таасир калтырып турат. Жээнбеков бир жыл мурун Бабановду “балапан” деп атап, анын жеткен коррупционер экенин, коррупцияга каршы күрөштү Бабановдон баштай турганын катуу жар салган эле. Көрсө, анын бул сөзү жөн гана жел сөз беле? “Падыша эки сүйлөбөйт” – дечү эле. Жээнбеков падыша өңдөнүп, айткан сөзүнө туруп, Бабановго берчү 25 суроосун берип, айтканын аткарбайбы. Эгер Бабанов жакынкы күндөрү толугу менен акталып, Кыргызстанга кайтып келсе, анда Жээбековдун бийлигинин таптакыр аброю кетет.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ