Бишкек—Ош унаа жолунун 168-чакырымында, жол кырсыгы катталып 2 адам каза болуп. 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ 22- октябрда Чүй облусунун Жайыл районунун аймагында болгон. Анда “Honda Odyssey” унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 адам окуя болгон жерде каза болсо, дагы 2 адам жаракат алып аймактык ооруканага жеткирилген.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ