Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу КР күрөш федерациясы билдирди.
Мелдеш Венгриянын борбор калаасы Будапешт шаарында өтүп жатат. Анда Кыргызстандык спортчу 55 килограмм салмак категориясында күч сынашкан. Финалдын 1/8 блүгүндө ал Түштүк Кореялык Хи Дон Сонгду жеңип алган, андан соң Армениялык Ноарыр Хахоянды жана Түркиялык Экрем Өзтүрктү уткан. Финалдык беттеште болсо Азербайжандык Элданиз Азизлиге жеңилип калган.
Бул медаль Кыргызстандын аталган турнирдеги биринчи, ал эми өлкөнүн тарыхындагы улуулар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда болгону экинчи медаль. Буга чейин мындай ийгиликке 2006-жылдагы дүйнө чемпиондугунда Канатбек Бегалиев жетишкен, кийинчерээк болсо ал Олимпиада оюндарынын призёру болгон.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ