Казакстанда кылмышка шектелип, качып жүргөн жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Polisia.kz. порталы жазып чыкты.
Укук коргоо органдарынын билдиргенине караганда, Estate финансылык пирамидасын түзгөн шектүү Асет Ыскаков февраль айынан бери Бишкекте жашырынып жүргөн. Аны менен бирге иштешкен “Гарант 24 ломбард” жана “Выгодный займ” мекемелеринин жетекчилери болуп Казакстандын 42 миң жаранын 14 миллион долларга алдап кеткен. Азыркы учурда 17 шектүү кармалды. Алар кардарларынын акчасын жана мүлкүн алдап алган деп шектелүүдө.
Учурда Асет Ыскаков Бишкек СИЗОсунда кармалып турат, аны жакында мекенине экстрадициялашат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ