Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аскарбек Шадиевдин ишине тиешелүү документтер сотко өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Берилген маалыматта сот отуруму 5-ноябрда Биринчи май районунда башталары жазылган.
Эскерте кетсек, депутат Аскарбек Шадиевге кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн жана мыйзамсыз акча каражаттарын менчиктештирген, тактап айтканда 2017-жылы жай айларында Чыңгыз Айтматов атындагы 30 миң (АКШ) доллар өлчөмүндөгү сыйлык акыны менчиктештирген деп айып тагылган.
Белгилүү болгондой Шадиев ага кылмыш иши козголгон күнү, тагыраагы 28-апрелде Тажикстан аркылуу өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда депутаттын каякта экени белгисиз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ