Menu

Конституциянын түп нускасы Эркинтоодо

Бөлүшүү:

Ошентип кайрадан кычыраган кыш келатат. Бул жолу кабагын бүркөп, кылычын сүйрөп каардуу келаткандай… Өткөндө Фарид Ниязов эски Ауди тээп, бир бөлмөлүү үйдө жашайм деп жазды эле, бечара кантти экен? Баягыда карасак, Фаизада кезек күтүп туруптур. Байкушту жардамчылары самсы алып кел деп жиберип ийишкенби, же күлтүйгөн жансакчылары столдун баарын ээлеп алып ага орун тийбей калганбы, кыскасы, бечарага боор ооруду. «Жетимден жөтөл кетпейт» демекчи, андан мурун бир МАИси да кармап алып тырыштырып, 1000 сом берип араң кутулуп атты эле. Жанагы чоң шоопурга чалса эмне дароо эле. Же Мелис байкеге, омей, Мелис дейм да, Кашкар байкеге чалса эмне?… Деги азыр кыйынчылыкта жашаган атка минерлер көп. Президентибиз болсо оорукчан, байкуш. Өткөндө эле жүрөгү кармап, таза абадан дем алып, деңизге сууга түшүп атып араң аман калды. Эми суукта көчөдө көп жүрбөсө экен. Синтетикадан тигилген жасалма калпак кийбей, кыргыздын эле кийиз, жылуу калпактарын кийсе экен. Ошончодон кызы да оруска тийип албадыбы. Эми карыганда анысы батырбай кууп ит кылбаса болду. Орус деген карыган кишини батырбай бөлүп таштайт деп угабыз. Кайран кыз, ошону ойлоп деле кыргызга тийбейби. Эхх, деги бу чоңдорду ойлоп, ушуларды багабыз деп жүрүп эл куурамай болду. Элге эле түшөт түйшүктүн баары…

Тынчтыкбек Атбашингтони

Адатта, адам баласы бардык жаныбарлардын үстүнөн бийлик жүргүзүп, өзүнө баш ийдирип келет. Мындан канча кылым пайда болгон цирк өнөрүн эле алалы, ал жерде айбанаттардын баары, чоң-кичинеси, жырткычы, жырткыч эмеси, ача туяктуусу, ай туяктуусу, кемирүүчүсү, сойлоп жүрүүчүсү, айтор, нечен түрлүү жаныбар бир гана адамдын буйругун кың этпей аткарып, кекиртектин, жашоонун айынан анын уудай ачуу шапалагына чыдап, айбыгып, эки көзүн жалдыратып күн кечиришет. Тагыраагы, цирктеги дрессировщикке айбанаттардын эң кыйыны арстан баш болуп баш ийип, алакандай кызарган эт үчүн манежде маскарапоз болуп, бийлеп берет, атаңдын көрү…

Азыркы кыргыз саясатын алсак, бүгүн ушул дрессировщик ролун Президенттин аппарат башчысы, кайын жагынан тууганы Фарид Ниязов аткарып, ага сахна артында башкалар жардам беришүүдө. Ал эми мыйзамдык жактан алганда эч коркок-билиштиги болбосо деле, Президенттик аппараттын көзүн караган ММКлардын директорлору цирктеги маймылдардай айласыз ыржалаңдап күлүп, эл алдында дрессировщиктин буйругун так аткарып, ары-бери секирип, жата калып боорун тырмап, бир туруп мотоцикл айдай калып, бир туруп арканга секирип, айтор, болушунча өнөрлөрүн көргөзүп жатышат. Ооба, циркте деле дрессировщиктин көңүлүн таап, анын айтканын ашыгы менен аткарып, башкаларга караганда 10 граммга көбүрөөк болсо да тамак жегиси келген жаныбарлар бар. Бүгүн мына ушундай жолго КТРдин мүдүрү Илим Карыпбеков түшүп, дрессировщиктин сүймөнчүгүнө айлануунун аракетин көрүп, ММК тууралуу мыйзамдардын одоно бузуп, эч кандай эреже-ченемдерге баш ийбей, кара пиардын катыгын берген чеберге айланып отурат. Эмне дейбиз, жашасын КТРдин Байкоочу… апей, Чайкоочу Кеңеши! Жашагыла, дрессировщиктин бергенин ашагыла, бийликке жатып берген биздин циркачтар! Силердин цирктеги шоу-көргөзмөңөр өзүнче эле шедевр!

Семетей Талас уулу

Эзели китеп окубаган кыргыз Конституция деп бакырса, коңшу-колоңдор ойлойт экен да “булар иттей грамотный эл экен” депчи)))

Турган турпаты менен Карл Маркстын Капиталын элестеткен ал китепти бу ФБ билермандары эмес, Атамбаевдин юристтери деле кыйратып окуп чыгышпаптыр, себеби, текебаевчилердин чабуулуна мурда эле жооп бермек. Энди шылдың болуп, карайлап Башмыйзамдын түпнускасын издеп атабыз. Чындыгында, Эркин Тоо газетасына чыккан Конституция түпнуска болуп эсептелет.

Эгерде Эркин Тоо газетасына чыккан Башмыйзам менен китеп болуп чыккан Башмыйзамда айырма боло турган болсо, анда ошол айырманы жасагандар кылмыш жообуна тартылыш керек, ким болбосун!!!

Эгер айырма чыккан болсо ошол Конституцияга багытталып аткарылган мамлекеттик иштер мыйзамдуубу деген да суроо жаралат.

Анан бул чындыгында тамаша маселе эмес. Конституцияны окубаганыбыз, ага олуттуу мамиле жасабаганыбыз, калп эле, кара күчкө кимдир-бирөөнүн саясаты үчүн жер сабап отурганыбыз билинип калат. Күнөөлүү ким болсо дагы жоопко тартылсын, ал – Атамбаев, ал – Текебаев, ал – Машаяктын баласы болсо дагы!!!

Аида Салянова

Достор! Сиздердин колдооңуздар демибизге дем, күчүбүзгө күч кошот! Байкасаңыздар, бүгүн ким кооз калп айтса, ошонун өкүмү сүрүп калды. Ага тоскоолдук кыла турган адам аз. Айтыңыздарчы, араңыздарда канчаңыздар чындык үчүн өзүңүздөрдүн бейпил жашооңуздарды бузганга даярсыздар? Кептин баары ушунда. Кайда барба – «Мамайдын көрү» дегендей, кайда барба – калп. Арабызда канча адам калптын курмандыгы болду. Ден-соолугунан, тынч жашоосунан, жумушунан, байлыгынан айрылгандары канча. Калпка алыбыз жетпесе, эмнеге күчүбүз жетип, эмнени кыйратабыз? Маршруткада Бишкекте кетип баратып уюлдук телефон менен «Токмокко жетип калдым» деп бирөө калп айтып баратса, калп айткан жаман болот деп уяткарып коё аласызбы? Мен кызыма уулум таштандыларды чыгарбай кеткен тура десем, мама өзүнө айтыңыз болбосо, бул ушак болот деп айтат. Баарыбыз өзүбүздүн жашоо-турмушубузга көз кырыбызды салып көрбөйлүбү?

Кыргызда калптын казаны кайнабайт деп бекеринен айтпаса керек. Калп болгон жерден ырыскы качат. Мамлекетибиздин жыргабаганын деле мен ушундан көрөм. Анткени мыйзам бузуу, коррупция, саясаттагы былык иштер баары калпка негизделет. Мындан мурдараак дагы мен калп менен күрөшөлү деген чакырык кылдым эле. Акыркы эле мезгилде Ф.Ниязовдун, А.Ибраимовдун, Ж.Мамбеталиеванын, А.Артыковдун калптары чыгып, алар тастыкталып жатат. Чоңдордун калпы жарыяланып турса, өсүп келе жаткан жаштарга бул чоң сабак болот.

Баарыңыздардан менде бир сураныч! Улут-улутка, түндүк-түштүккө,кыргызды бөлүп жарууга үндөгөн чакырыктарга жол бербесеңиздер. Ушак менен калпты атайын менин баракчам аркылуу таркатам деген аракеттерге дагы блок коюуга мажбурмун.

Баса, мен көбүнчө түнкү маалда жооп берем. Ага кап этпеңиздер, анткени кызым уктагандан кийин менин жумуш күнүмдүн экинчи бөлүгү башталат.

Фбда чындык үчүн чыркырап, акты ак, караны кара деп салгылашкан досторумдун ар бирине ыраазымын. Алардын көбүн тааныбайм. Кээ бирине “Салянова силерди сатып алган го” деген сөзүнө ирээнжибей колдоп жатканыңыздарга чоң рахмат!

Ахунбай Кошой

Эми анык кызык жагдай түзүлдү – Республика-Ата Журтсуз КСДП партиясы парламенттик көпчүлүккө да ээ боло албайт. Ошол эле убакта мурдагы коалициядагыдай өтө эле өзүм билемдик да кыла албай калды. Себеби Бабановдун амбициясы жана кызыкчылыгы КСДПныкынан кем эмес… Демек, Бабанов коалицияга кириш үчүн премьерликти сурап туруп алышы мүмкүн. Анткени премьер деген келечектеги президенттикке ат салышууга бийик трамплин болуп бермек. Бирок Бабановдун “ойт бермесин” билген КСДП ага макул болбошу мүмкүн… КСДП мүмкүн болушунча адмресурстардан шайлоого карата эң орчундуу орундарын бергиси келбейт… Мына ушул жерде партиялар арасында арсар кеп кетет… Бабанов эми мурункудай КСДПны эрке талтаң партия кылып эркелете албайт… Анткени алардын тымызын мерчемдери бар… Бирок Бабановдун депутат кезинде эле 7-кабатта олтурганына караганда КСДП менен алда качан эле «А» мерчем жана «Б» мерчемдер биргелешип иштелип чыккан болушу мүмкүн… Ал мерчем эгерде КСДПдан президенттикке чыккан адамдын шансы аз болуп калса, анда Атамбаевди Путиндей алмаштыруучу адам табылганча бир мөөнөткө КСДПда Бабанов менен коалициялык келишимде эле өз ара сүйлөшүүлөр жана “ант” беришүүлөр менен Бабановду ажолукка биргелешип түртүшү мүмкүн… Ал эми Бабанов болсо Атамбаевдин саясий дагы, адамдык дагы бейпилдигин камсыз кылууга убада берет… Дагы бирок, күтүлбөгөн кырдаал болуп кетип, булардын мерчемдери азыркы мезгилдеги Жалпы Элге жакпай калса, азырынча белгисиз кандидаттын президенттик креслого келип калышы да толук мүмкүн!!!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: