Menu

Шойгу Орусияда «маалыматтык операциялар бөлүмү» түзүлгөнүн расмий ырастады

Бөлүшүү:

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 18-февралда Мамлекеттик Думада сүйлөп жатып өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндө маалыматтык операциялар бөлүмү түзүлгөнүн расмий ырастады.

“Пропаганда мыкты жана натыйжалуу болушу керек. Ошондуктан совет доорунда контрпропаганда деп аталган бөлүмдөн кыйла натыйжалуу жана күчтүүрөөк болгон маалыматтык операциялар бөлүмү түзүлдү”, — деди Шойгу Орусиянын кызыкчылыгында контрпропаганда менен алектене турган башкармалык түзүү зарылдыгы боюнча берилген суроого.

РБК басылмасы Мамдумадагы булагына шилтеме кылып билдиргендей, ал хакердик чабуулдарга жооп кайтаруу менен алектене турган Коргоо министрлигинин түзүмдүк бөлүмү болот. Ошондой эле ал өлкөнүн ичинде да, сыртында да, интернетте жана ММКларда да контрпропаганда менен алектенет.

Орусия мамлекеттик телеканалдары саясий максаттарды көздөп жалган маалыматтарды таратып, пропаганда менен алектенип жаткандыгы үчүн айыпталып келет. Алардын жасалма маалыматтарын иликтөө иштери Германияда, Францияда жана АКШда жүргүзүлүүдө.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: