Menu

Украина чымчылап жатабы, тынч эле койсо болмок…

Бөлүшүү:

Президент Атамбаев Грузияга болгон сапарында  кайра эле мурунку өнөкөт дартына чалдыгып  тээ алыста жаткан, Украинага жөнү жок асылып, ар кандай  субьективдүү жана  обьективдүү, башка бир себептерден улам  согуштан башы чыкпай оор күндөрдү башынан кечирип жаткан  Киевди “сложный”шыбап, Алыбай алына жараша дегендей , табаалап салды. “ Мына мен Кыргызстанда эки жолу төңкөрүштү эч кимден жардам сурабастан эле өзүм чечип койгонмун, деп атпайбы. Бул кыргызча мактанычпы же “знай наших” дегениби, мүмкүн маселенин тереңине түшүнбөөчүлүкпү? Балким  кимдир бирөөнүн  колуна суу куйуп, мына колдоп айтып койдум , ыраазы бол, дегенидир… Ким билсин…Тагыраагы ал расмий минтти:

– Мен эки төңкөрүштү баштан өткөргөн мамлекеттин президентимин. Украина бир революцияны жайгара албай жатат. 2010-жылкы бийлик алмашууда бизде деле Украинадагыдай ондогон адамдар каза болду. Бирок биз Москвага же Вашингтонго чалып жардам сүрабадык. Бизде да облустук администрацияларды басып алышкан. Мисалы, 2013-жылы облустук бийликтин имаратын басып алышты. Эч кимге телефон чалбай эле, өзүм барып маселени чечип келгенмин. Көйгөйдүн баарын өзүм чечкенмин.

Айта берсе сөз тура. Акетай, Украинадагы кырдаал менен Кыргызстандагы таптакыр эки башка жагдай. Ал жерде Орусиянын кызыкчылыгы  бар үчүн ушул күнгө чейин ДНР, ЛНР  жашамыш болуп келатпайбы. Ал жерде эки дөө шаа келишалбай жатканынан улам , кырдаал курчуп кеткенин бешиктеги бала деле билет. Бул жерде мактанычтын кереги деле жок. Эгерде маселе Атамбаев түшүнгөндөй  оп-оңой болсо Порошенко эбак эле Атамбаевден сурабай эле  өзү чечип салмак. Акөрө, өзбек милиционерлери вертолетто беймарал учуп келишип, Унгар-Тоону басып алышканда, ал маселени кантип чечип салганын айтса грузиндер  кептин төркүнүн  дароо түшүнүшмөк.

Кала берсе президент Грузиянын аймагынын бүтүндүгүн толук колдоорун айтып алып, тилин тиштеп  эле калса керек. Анткени, грузиндер Абхазияны орустар колунан жетелеп алып чыгып кеткенин жана ал жер Грузияныкы  экенин ушундай жол менен тастыктап жатышпайбы. Эртең  эле Кремлден бир жакшы сөз угат. Сөзсүз.

Кезекте Армения туру. Армян президенти  геноцид деп атап алышкан эстеликке  гүл  койобуз дейт да. Айла  жок, барууга туура келет. Ошондо түрктөр менен ансыз да сууп турган мамиле биротоло өчөт сумбула жылдыздай. Кудай сакта.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: