Кыргыз Республикасына бүгүн, 16-сентябрда, Тажикистан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
«Манас» эл аралык аэропортунда Тажикистан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Тажикистан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 16-сентябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтүүчү КМШ Мамлекет башчылар Кеңешинин юбилейлик жыйынына катышуу үчүн келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ