Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, Казакстан Республикасына иш сапарынын алкагында Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.

Эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы кыргыз тарап стратегиялык кызматташтык, достук, биримдик, боордош өлкөлөр ортосундагы жылуу коңшулукту жогору баалап, Казакстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө артыкчылыктуу маани берерин белгиледи.

Кыргызстан жана Казакстандын Өкмөттөрүнүн ортосунда эки тараптуу экономикалык кызматташтык маселелери боюнча Жол картасы ишке ашырылууда.

Сооронбай Жээнбеков Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаевди ал үчүн ыңгайлуу каалаган убагында Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөлөр ортосундагы мамилелер чыныгы достук мүнөзүнө ээ экендигин белгиледи.

«Бизде өлкөлөр ортосундагы мамилелер жогорку артыкчылыктуу багыт экенин белгилеген көптөгөн жалпы институттар бар. Биз кызматташтыктын алкагында конкреттүү жыйынтыктарга жетүүгө даярбыз», – деп баса белгиледи Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: