Menu

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевден коронавирус табылды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевден коронавирус табылды. Бул тууралуу маалыматты шаардык мэриянын басма сөз кызматынын өкүлү журналисттерге ырастады.

Маалыматтар боюнча, мэрдин коронавируска тапшырган тестинин жыйынтыгы 17-июнда оң натыйжа көрсөткөн.  ПЧР-анализдер Жалал-Абад шаардык муниципалитеттин бардык кызматкерлеринен алынды.

“18-июнда, мэрияга Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн адистери келишти. Жүргүзүлгөн анализдердин жыйынтыгы боюнча, мэрия карантинге жабылабы же жокпу деген чечим кабыл алынат.  Коронавирус менен ооруган бейтап үй шартында дарыланып жатат. Эгерде оору белгилерсиз өтсө, анда амбулаториялык негизде дарылоого мүмкүнчүлүк бар. Мэриянын кызматкери медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө” – деп айтылат маалыматта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: