Menu

Баткен облпрокурорунун көзүн кантип тазалашты?

Бөлүшүү:

2018-жыл, 17-ноябрь. Баткен обл.прокурору Анарбай Мамажакыповдун сырдуу өлүмү жана шектүү катары М.Калыковдун камакка алынышы тууралуу Баткен ОИИБнын жана Прокуратуранын пресс катчыларынын билдирүүлөрү, тергөө тууралуу Баш прокуратуранын полковниги Замир Бейшекеев менен ИИМдин полковнигинин 2018-жыл 29-ноябрь күнү берген маалыматтары “Аки-пресс”, “Ютуб”, “Фейсбук”, телевидение, газеталар аркылуу таркап, бирок, кыргыз эли “А.Мамажакыповду коллегалары эле өлтүрүштү” деп чыгышты.

Чоң-Алай эли М.Калыковдун бул ишке барышына ишене алышпай, ал эми Баткен эли тергөө адилет болушу үчүн барган прокурорлорду толук камакка алууну суранышып, эки райондун эли Президентке кайрылуу жасашкан. Ишенбөөчүлүк эмнеден чыгууда?

Окуяга чейин эмне болгон? 2018-жылдын 16-ноябры. Облпрокуратуранын кызматкери Калыков Азамат той өткөрүп, Калыков Мелис облпрокуратурдан келген конокторду тейлейт. Тойдон кийин, облпрокурордун орун басары А.Байбосунов өзүнүн жакын жердештери райпрокурор М.Калыбеков, «Столичный» арак-вино заводунун атайын өкүлү Эрнс жана замрайпрокурор Санжар болушуп райпрокуратуранын имаратында үндөрүн угузушпастан, төрт саат акырын суйлөшүп олтурушат. Эмнени?

Окуя кандайча болгон? М.Калыбеков түнү менен кабинетинде болуп, таң атканча ар бир ишти ийне-жибине чейин тактап чыгат. 17-ноябрь күнү эртең менен «Столичный» арак заводунун өкүлүн жана анын сырдуу «даярдамасын» кошо бир ящик арагын алып, УОСтун НИВА машинасы менен кетишет. Башка бир машина менен облпрокурордун эки бөлүм башчысы кетишет. Башка адамдар, башка машина тууралуу мезгилинде айтылат.

М.Калыков досунун “Лексус” машинасын сурап, А.Мамажакыповду, анын эки орун басары А.Байбосунов менен Э.Ажибековду алып өзүнчө кетет. А.Байбосуновдун демилгеси менен жеткенче 3 жерде арак ичилет. Барчу жерге барышып, М.Калыбеков куйган шектүү арактан бир рюмка ичкенде эле М.Калыков эсинен танат. Бир ай өткөндөн кийин гана бир аз өзүнө келип, эсинде калгандарын айта баштаган.

Ким операция болуп наркоз алган болсо билет, сүйлөй албайт, колу-буту кыймылдабайт, бирок, бир нерсени көрө алат, эстей алат. М.Калыков мына ошондой абалда болуп, көзү ачылып маркум А.Мамажакыповду райпрокурор М.Калыбеков жакалап турганын, дагын бир ачылганда эки прокурор анын колуна бычак карматып жатканын көрөт. Андан кийин, “Лексус” машинанын ролунда райпрокурор Мирлан Калыбеков, жанында бөлүм башчы Алтынбек Кожоназаров, артында аны Арслан Байбосунов кармап баратканын көрөт.

Атайын нервно-параличтик дары кошулган арактан уулангандыгын аныктоо максатында окуянын 6-күнү М. Калыковдон алынган кандын анализи 2 ай болсо да чыкпай келет.

Кылмыштуу топ А.Мамажакыповду тоодо эле уруп токмоктоп, тиштерин сындырып, мыкаачылык менен өлтүрүшүп, ууланган М.Калыковду өлүктөй кылып машинага кошо салышып, таптакыр тескери жакка алып барышат. “М.Калыков өлтүрдү” – деген түшүнүк жаратуу үчүн, өз ара макулдашышып, “тоодон кайтып, суу сактагычтын жанындагы кафеге киришип, ал жерден ролдо М.Калыков, А.Мамажакыпов экөө кетишкен”- деген сценарийди окшош кылып жазышат. Чынында, М.Калыков тоодо эле ууланып, машинаны айдамак турсун, баса да албай калган болот.

Экөөнү чогуу “көргөн” күбөнү да “табышат”. Күбө ким? Наркотик менен отуруп чыккан, А.Байбосунов крышовать этип турган, акысын М.Калыбековдун орун басары Санжар аркылуу берип турган жигит болгон.

М.Калыбеков “А.Мамажакыпов менен М.Калыков экөө чогуу “Лексуста” кетишкен, мен алар жакалашкан жерде болгон эмесмин”- деп көрсөтмө берет. Бирок андай эмес.

Ал минген “НИВАнын” сыныгы өлүк жаткан жерден табылат. “Каргашанын изи” кылып көрсөтүү үчүн, мылтык гильзаларын калтырышат. М.Калыковдун мылтыгы 20-калибрлүү, ал эми табылган гильзалар 12-калибр. Тоого барылган алты мылтыктын бири айтылбай келет, ал “кандуу мылтыкты” издеген жан жок. Ал тараптан Баткенге карай “Лексус” менен “Нива” чогуу Кызыл-Жол айылынан өткөнүн көргөндөр болот.

Окуя болгон күнү кечки саат 23төн баштап, эртеси 19га чейин 20 саат бою М.Калыковду УВДда адам чыдагыс кыйноого алышып, башка нерсени айтышып, “А.Мамажакыповду кокус атып алганмын”- деген сүйлөмгө кол койдурушат. Эртеси Башпрокурор Жамшитов келип, шектүүлөрдү каматпастан, тескерисинен, актанып кетишсин дегенби, бошотуп коёт. Анын эртеси жанагы прокурорлор түн жамына аялдарын-балдарын кетиришет, тагыраагы, качырып жиберишет. Эмне үчүн мындай кылышты?

Иликтөөгө прокуратура өзү тоскоолдук кылып коет. Анткени “көзөмөлдөө” щылтоосу менен тергөө материалдарын  алып коюп жаткандыктан, ишти башкага өткөрүп берүү тууралу тергөөчү адвокатка бир канча жолу сунуш киргизген. Баш прокуратуранын полковниги Замир Бейшекеев менен ИИМнин полковнигинин чогуу билдирүүсү, тергөө кандай жүрүп жатканын ачыктап койду. Эске салалы.

1) . Билдирүүдө, “Баткен облусунун прокурору А.Мамажакыповдун өлүмүнө өзүнүн айрым аракеттери себеп болгон”- деген мааниде айтылды. Кандайча?

“А.Мамажакыпов облпрокурор болуп келген күндөн баштап эле УКСтун директору М.Калыковдун үстүнөн 3 жолу иш козгоп, аны каматам деп коркутуп, экөө касташып келген”- деген мотив келтирет. Чынында, бир да жолу иш козголбоптур, касташпаптыр, алар достошуп, өз ара чогуу иш алып барып жатышыптыр. Окуядан 10 күн мурда А.Мамажакыпов Ошто баласын үйлөп, М.Калыков тойго чакырылып, маркумдун бир баласын өкүл бала кылып ала турган болуп кайтат.

М.Калыков жаңы келген облпрокурорго кирип, облпрокуратурадагы коркунучтуу коррупциялык системаны айтып берет. Анда А.Мамажакыпов айткандарын кат жүзүндө жазып берүүсүн тапшырат. М.Калыков 6-11-2018 №0113/704 кат менен жазып берет. Баткен облусунда наркомафияны, контрабанданы кимдер крышовать этип, кимдер аткаруучу экендиги, кимдер кимдерди кантип коркутуп акча алып жүргөнү ошол катта айтылат. Кат “Фейсбук” аркылуу толук жарыяланган. А.Байбосунов башында турган коррупция менен күрөш башталганда, коркунучтуу кримтоп экендигин өз үй-бүлөсүнө убагында айткан экен, аны маркумдун уулу ЭлТР аркылуу «Азаттыкта» айтып чыкты.

2) . Экинчи билдирүүдө: “тергөө иштери аяктады, шектүү М.Калыков жасаган кылмыштарын мойнуна алды”- деп айтылды. Бирок окуя таптакыр башкача.

17-ноябрь күнү эч нерседен кабарсыз Мелис үйүнө келип, бетин жуумак болгондо, артынан тоодо чогуу болушкан прокурорлор бут кийимдери менен жабалактап киришип А.Мамажакыповду сурашат. “Ал киши силер менен чогуу эле го”- дегенде, дагын башка чындыктар айтылып калбасын дешип, апасын кыйкыртып Мелисти колдорун кайрып алып кетишет. Алгач ШИИБнө алпарышып саат 20-23 аралыгында сурак болуп, 6 минуталык аралыктагы СИЗОго 20 сааттан кийин гана киргизишет. Бул убакыт ичинде УВДга алып барышып, замначтын кабинетинде адам чыдагыс кордук көрсөтүшүп тепкилеп, салафан кийгизип муунтушат, анын адам чыдагыс кыйкырыктарын угуп жаны кейигендер болот. Акыл калчай албаган абалга жеткиришип, “мен билбейм” деп окушуп, “мен жасадым” деп кол койдурушат. Ушундай 20 сааттык “процедурадан” кийин СИЗОго чала өлүк кылып алпарып салышат.

Жергиликтүү адвокат сутка бою суракка катыша албай, 21 сааттан кийин Мелиске кирип, башы шишип, бети-көзү көгөрүп, оозу куурап, араң дем алып жатканын көрөт.

Бир баклашка суу берсе, дем албастан шимирип салат. Эртеси кечинде Оштон бир, Бишкектен эки адвокат келишкенде, аларды киргизишпей коюшат. Кыйноодон 5 күн өткөндөн кийин, зомбулукка каршы борбор Мелистин денесиндеги мыкаачылык кыйноонун дактарын тартышып интернетке жарыялашат. Интернетти көргөн УВДнын замначальниги “денесиндеги дактар милицияга келгенде эле бар болучу» деп, ал да ММКдан чыгат. Бирок апасы үйгө келгенде денесинде кыйноо белгилери болгон эмес дейт. Милициядабы, тоодобу, кай жерде болсо да прокурорлор сабап жатпайбы.

Мына ушундай абалды Башкы прокуратура өкүлү З.Бейшекеев “тергөө иштери аяктады”, “М.Калыков күнөөсүн мойнуна алды”- деп жар салды.

3) Үчүнчү билдирүүдө: “А.Мамажакыповдун өлүмү боюнча күбөлөр көрсөтмө берип бүтүштү”- деп айтылды. Прокурорлордон башка кайсы күбө көрсөтмө берди? Башка дагын кимдер болгондугун тергөөчү билеби? Прокурорлор “көзөмөлдөп турушубуз керек”- деп материалдарды алып турушат экен. Тергөө иштери прокуротура каалагандай жасалып, өлтүрүүгө шектүүлөр күбө болуп калышууда. Басым күчтүү, тергөө кыйын.

Кыргызстанда прокурор кылмыш жасаса, аны тергей турган, көзөмөл кыла турган система жок экен. Бут кийимин төргө илип, эл ишениминен чыгып калыптыр.

4). Төртүнчү билдирүү: “тоого чыгууну А.Мамажакыпов уюштурган” деп айтылды. Чындыгында, А.Мамажакыпов каршы болуп, орун басары А.Байбосунов уюштуруптур. Той ээси Азамат Калыков тамак-аш, ичкиликтерин бере турган болот.

Борбордук эки чиновниктин маалыматтарынан кийин эркин маалымат каражаттары окуя болгон жерге чалышат, адилет журналисттердин бардыгына шүгүр.

Окуя Баткенде болду, “шектүү” да, тергөөчү да Ошто. Прокурорлордон башка дагын кимдер бар эле, такталдыбы? Жок! Жагдайды билген адамдар бир ооздон уюштуруучу А.Байбосунов болгон дешет. Андай экендигине анын “облпрокурор мен болушум керек эле”- деп чырдашканы, жердеши М.Калыбеков А.Мамажакыповду жакалаганы, Р.Мамановадагы А.Мамажакыпов менен телефон аркылуу сүйлөшкөн “записи”, баласынын атасы айтып бергендерди айтып жатышы,.. айтор, чындык даана байкалып эле турат.

Прокурорлор маркумду талаага таштап, ууланган М.Калыковду “Лексус” машинасына салышып, Баткен шаарына жакын алып келишет да, аны рулга отургузуп, алыстан эки машинада акмалап турушат. Бир топ убакыттан кийин М.Калыков өзүнө келип, башы катуу ооруп, тааныш молдосуна жөнөйт. Окуя болгонго чейин беш күн мурда, ал башы катуу ооруп ооруканада дарыланып жатып, ошол молдо жигитке кайрылып турган.

Молдо массаж жасап, Мелис бир аз өзүнө келип, 20 минутадай убакыттан кийин “Лексусту” ээсине бензинин толтуруп бермекчи болушуп заправкага карай жөнөшөт. Кайдан пайда болуп калат, райпрокурор М.Калыбеков НИВА машинасы менен тосуп, М.Калыковду ынак досундай кучактап, НИВАнын артынан арак алып чыгып, экөө бир рюмкадан ичишет. М.Калыков тамеки тартмакчы болуп жатканда райпрокурор М.Калыбеков “Лексустун” ачкычын алып, “бул шефтики, сен жеп кой” деп НИВАдан устуканды молдого ыргытып, коштошпостон машинасына олтуруп кетип калат. Эмне максат менен келди, эмне үчүн ачкычты алып, кучакташкан прокурор коштошпой кетип калганына молдо таң калат.

Эмне үчүн мындай кылды? Кызык жери, М.Калыбеков “Лексус” машинаны кууп келер алдында доогерде башка ой калтыруу максатында А.Мамажакыповду издеген болуп анын үйүнө барып, уулуна жолугат. Эмне үчүн ошол жерде “бул атаңдыкы эле” деп устуканды баласына бербей, бир топ убакыттан кийин бөтөн адамга берип жатат?

Мелис машинасына олтуруп айдайын десе ачкыч жок. Молдо жигит окуяны айтат, экөө ара жолдо калат. Эч нерседен күмөн санабаган М.Калыков “кайра келет да, кете берели” деп, “Лексус” ачык калгандыктан, буюмдарын алып, ичин бир сыйра текшеришип, эч нерсе жок экенин көрүшүп, такси кармашып, молдонукуна кетишет. Акмалап турган М.Калыбеков алар кеткенине ынангандан кийин кайрадан А.Мамажакыповдун үйүнө барып, анын уулун алып келип “Лексусту” көрсөтөт, анан УВДга телефон чалат. “К. Турмаматов көчөсүнлө машина турат. ДТП”- деп “Райпрокурор М.Калыбеков айтты, барып акт жазылды” – дешип УВДнын кызматкерлери ММК аркылуу айтышат.  Милиция кызматкерлери телефон чалынгандан кийин да бир саат кечигип барышат. “Ичинде кандын тактары байкалды, кан болгон бычак,  патрондор табылды”- дешип, М.Калыковдун катышуусуз акт жазышат да, машинаны УВДга алып кетишет. Милиция машинанын ключун кимден алган?

М.Калыков молдонун үйүндө бир аз эс алып, аялына “машинаны айдап кел”- деп телефон чалат. Аялы келгенде, бирөөнүн машинасы ара жолдо калды деп, бир нерсе кылып ээсине тапшырмак максатында өз машинасы менен молдону шерик кылып алып жөнөйт. Үйүнүн тушуна келгенде, аялын түшүрүп коюп, заправкага кетишет. Заправкадан бир бачок бензин алып келишсе, “Лексус” ордунда жок. Оюнда жамандык жок “мени мас деп коопсуз жерге алып кеткендир”- деп, молдонукуна келишет. Устукан менен бензин молдокунда калат.

Эмне үчүн район прокурору машинаны арест кылбастан М.Калыковго арак ичирди? Эмне үчүн ошол жерде эле милицияга чалган жок? Эмне үчүн машинаны бекитпестен, ключун алып кетип калган? Машинаны бекитип кеткенде, салонго кандуу бычак, патрондор кантип ташталмак, бул жагы да дыкат ойлонулган.

Дагы бир кызык окуя, бардык аскердик гарнизондор, милиция тревога менен тургузулуп, “өлүктү” издей башташат. Анын өлгөндүгүн кайдан билишет? Ошончо адам таппай жатышса, район прокурору М.Калыбековдун орун басары Санжар түз барып тоолор арасынан таап алган имиш. Ага жердеш жетекчиси “шыбырап” койгон эмеспи?

Прокурорлор окуяга күбө молдонун “оозун жабуу үчүн” аны чала өлүк кылып сабашып, мээсине доо кетиришет. Мээси чайкалып, “өлтүрүп кетишет” деп коркуп, жашынат. Оорусуна чыдабай, дарыланбаса өлө турганын билип, ооруканага кайрылат. Дарыгерлер жаткыруудан коркушуп жаткырышпайт, алардын айткандарын молдо жигит телефонуна тартып алат. Мына ушундай болгон окуялар тууралуу борбордук эки чиновник айтышпады.

Прокурорлордун өлгөн коллегасын күнөөлөп жатышы да адамдык сапат эмес. Кандай болсо да УВДда адилет офицерлер бар экен, “алардын ордунда милиция болгондо бардыгын камакка алышмак”- деп жан кейите айтып жатышат.

А.Мамажакыпов мыкаачылык менен өлтүрүлгөн күнү анын жанында кимдер тегеренип жүрүшкөн?:

1. Облпрокурордун орун басары Арслан Байбосунов.

2. Облпрокуратуранын бөлүм башчысы Алтынбек Кожоназаров.

3. Облпрокуратуранын бөлүм башчысы Улан Эгембердиев.

4. Баткен районунун прокурору Мирлан Калыбеков.

5. Баткен районунун зам.прокурору Санжар Кочкорбаев.

Булар бардыгы А.Байбосунов жетектеген топ жана жакын жердештер болуп, булар тууралуу маалымат “Фейсбукта” бирдей жоголуп, жалгыз Э.Ажыбековдуку сакталып турганы да, кримтоп кимдер экендигин айтып турат. С.Кочкорбаев ок-дарыларды камсыз кылган, окуядан кийинки жасалма версиялардын автору, эч ким таба албаган тоо арасында жаткан өлүктү түз эле барып таап алган “күбө”, ошол эле учурда райондук прокурордун милдетин аткарып, адвокаттарды М.Калыковго киргизбөө боюнча милицияга көрсөтмө берген. Ал эми облпрокурордун биринчи орун басары Эмил Ажыбеков жанынан коркуп, кызмат машинасын чакыртып, тоодон келе берген.

Будардан башка эч жерде айтылбай келе жаткан дагы төрт киши, эки машина болгон. Бардык версиялар далилдүү. Салыштырыңыз, бул версиялар менен уккан версияңызды?

Баткенде чиелешкен, бирин-бири колдоп турган коррупцияга каршы ким күрөш баштайт, Президентке ким колдоо көрсөтөт, азырынча бүдөмүк.

Адилет Карабасаров

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: