Москвада (Орусия) салтка айланган жыл сайын өтүүчү И.Саввидинин сыйлыгына арналган эл аралык турнир өтүүдө. Оюн башталганда, Кыргызстандан 21 тоголок таш ургандар чыккан, алардын экөөсү – атактуу Дастан Лепшаков менен Азиз Мадеминов автоматтык түрдө 1/16 финалга чакырылышкан эле.
Ызат Ратбеков башынан баштап ойноп, төрт жеңишке жетишип, 1/16 финалга чыгып олтурат.
Эскерте кетсек, биздин Дастан Лепшаков бул турнирдин акыркы үч мелдешин (2016, 2017,2018) утуп алган. Бүгүн, 25-октябрда 1/16 финалды Ютуб каналдарынан түз ободо саат 17.00дөн баштап көрө аласыздар.
Ызат Ратбеков – Леонид Швыряев (Орусия)
Павел Плотников (Орусия) – Азиз Мадаминов
Ернар Чимбаев (Казакстан) – Дастан Лепшаков –
деген оюн тизмесинде ойношот.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ