2018-жылдын 9 ай ичинде 1миң 318 экономикалык укук бузуулар катталып, алар өлкөгө 5,3 миллиард сом чыгаша алып келген. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирген.
Маалыматка караганда, 2017-жылга салыштырмалуу быйыл 60ка көп укук бузуу катталып, мамлекетке былтыркы жылга салыштырмалуу 1 миллиард 998,7 миллион сомго көп чыгым алып келген. Анын менен бирге чыгымды кайтаруу дагы өскөн. Эгерде 2017-жылы ал 1миллиард 638,4 миллион сомду түзсө, 2018 жыл ал көрсөткүч 3 миллиард 251,7 миллион сомго жеткен.
Кыргызстанда жыл башынан бери экономикалык кылмыштар боюнча бардыгы 965 кылмыш иши козголгон.
Алардын ичинен каржы полициясы тарабынан 635 кылмыш иши козголсо, Экономикалык кылмыштарга каршы курөшүү кызматы жана башка органдары тарабынан 330 кылмыш иши козголгон.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ