Menu

Өлкөгө экономикалык кылмыштар 5,3 миллиард сом чыгаша алып келген

Бөлүшүү:

2018-жылдын 9 ай ичинде 1миң 318 экономикалык укук бузуулар катталып, алар өлкөгө 5,3 миллиард сом чыгаша алып келген. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирген.

Маалыматка караганда, 2017-жылга салыштырмалуу быйыл 60ка көп укук бузуу  катталып, мамлекетке былтыркы жылга салыштырмалуу 1 миллиард 998,7 миллион  сомго көп чыгым алып келген. Анын менен бирге чыгымды кайтаруу дагы өскөн. Эгерде 2017-жылы ал 1миллиард 638,4 миллион сомду түзсө, 2018 жыл ал көрсөткүч 3 миллиард 251,7 миллион сомго жеткен.

Кыргызстанда жыл башынан бери экономикалык кылмыштар боюнча бардыгы 965 кылмыш иши козголгон.

Алардын ичинен каржы полициясы тарабынан 635 кылмыш иши козголсо, Экономикалык кылмыштарга каршы курөшүү кызматы жана башка органдары тарабынан 330 кылмыш иши козголгон.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: