Menu

Өзгөн районунда баңгизат менен кармалган имам үй камагына чыгарылды

Бөлүшүү:

Ош облусунун Өзгөн районунда баңгизат менен кармалды деген имам үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, “Матисак-Ата” мечитинин имамы С.К кечээ 6-ноябрда үй камагына чыгарылган. Ага Кылмыш жаза кодексинин 246-беренесинин 3-бөлүмү (баңгизаттарын мыйзамсыз түрдө сактоо, ташуу, сатуу) боюнча козголгон кылмыш иши Өзгөн РИИБи тарабынан тергелип жатат.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында Өзгөн районундагы Жылалды айылынын 36 жаштагы тургуну баңгизат менен кармалган. Кармалган жаран аталган айылдагы “Матисак-Ата” мечитинде жамаат тарабынан оозеки түрдө шайланган имам болуп иштеп келген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: