Акаев. Алгач, дал ушул ысымдын Кыргызстандын жаратылышы химиялык уу-заттарга толгону аз келгенсип, (бул келечектин да коркунучу) миллиарддаган байлыгынан ажырап турат. Азыр эми канадалыктар казчусун казып, жечүсүн жеп “кетээр келин” абалына жакындап баратат. Эми ошол миң жылдап пайда болгон табиятыбызды эч ким калыбына келтире албайт. Макул, “андай эместир” деп жүз жолу өзүбүздү-өзүбүз жооткотолу. Оорбу, жеңилби ар кимибиздин жашообуз Кумтөрсүз деле улана берет дечи. Бийликтегилер деле келет, кетет. Бирок, түбөлүк калчу биз жашап жаткан чөйрөнүн абалы андан ары эмне болот? Анын чыныгы жазасын ким тартат? Канадалык компания менен (1994-жылы) эң чоң кылмыштуу мамлекеттин ошондой кооз жаратылышы үчүн саткынчылык келишимди баштаган Акаевби? Тигине, Кумтөр алтын кениндеги экономикалык көрсөткүчтөрдүн солгундап баратканын 6-октябрда өткөн өкмөттүк жыйында экономика министри Олег Панкратов да расмий билдирди.
«Жаман айтпай жакшы жок» дегендей, минтип туңгуч президенттин ысымын аттап жатканыбыздын себеби: дал ушул алтын маселеси аталган дүйнөлүк аферанын башталышы Аскар Акаевдин өлкөнү башкаруу учурунда, «Кумтөрдөгү» чалмакейдин баары дал ошол учурда жаралганы жалганбы? Андагы эгемендүү Кыргызстандын тунгуч премьер-министри Насирдин Исановдун дүйнөдөн мезгилсиз кеткени да эл оозунда ошол алтын чатагына байланылышып жүрөт. Эл ичинде ал сөздөр деле бекеринен айтылбаса керек? Ал кезде Кумтөрдөгү алтын кенин иштетүү боюнча иштер баары жабык, жашыруун түрдө жүргүзүлгөн. Мына ушул алтын маселеси боюнча маркум Насирдин Исановдун жубайы Бүбүйна эженин бир учурда ММКларга берген маегинде да көптөгөн табышмактуу ойлор айтылганы бар.
… Анан антип алтын казабыз дегендер мөлтүрөгөн мөңгүлөрүбүздүн үстүнө топурак төгө беришип 60 миллиарддан ашык таза суубузду жоготтук. Калдайган беш мөңгүбүздөн айрылдык. (Так ушу суу маселеси боюнча дүйнөдө азыр эмне деген гана коңгуроолор кагылып жатат. Таза суу боюнча мындан 10 жыл мурун эле Шейцарияда өткөн экономикалык форумда үрөй учурган мындай фактылар айтылган: “2025-жылы жер планетасындагы жалпы адамзаттын 50 пайызы суу көйгөйүнө тушукса, 2050-жылы дүйнө элдеринин 75 пайызы таза суунун таңсыздыгына кириптер болушат” деп.) Дагы бир түйшөлткөнү, ал жерде миңдеген тонна уулуу заттар Нарын дарыясынын башаты болгон 360 гектардан ашык борпоң жерге көмүлгөнүндө. Азыр да көмүлүп жатса керек. Анын көлөмү 60 миллион тоннадан ашты. Алардын 30 миллион тоннадан ашыгы өтө коркунучтуу уулуу зат делген цианид, дагы бир канча тоннасы радиоактивдүү заттар. Мындай көрсөткүчтөгү маалыматтар 2013-жылы эле айтылган. Эми андан дагы көбөйсө керек. Жаратканым жамандыктын бетин ары кылсын, кокус ал заттар непадам тосмону бузуп кетсе канадалыктардын “каткан” ири көлөмдөгү ошол уу заттары Нарын дарыясына кошулчу өзөндөргө барып куйаары толук мүмкүн. Андай кырдаал Японияда болгон Фукисимо трагедиясынан кем калбаган алааматтын бир түгөйү дегендик. Деги эле ошол жүрөк өйүткөн уулуу зат калдыктары бир эле Нарын дарыясынын боюндагы жашаган калк эмес, бүтүндөй Сыр- Дарыянын боюнда жашаган элдер үчүн да опурталдуу. “Жок, андай эмес” деп эч ким кепилдик бере алас? Ал эми Сыр-Дарыянын жээгинде болсо казактар менен өзбектер да отурукташкан. Андай коркунучтун залалын айтууга ооз эмес, дит барбайт. (тфү-тфү!)
… Адам менен табияттын байланышы боюнча дүйнө элдеринде жок “Кожожаш” деген дастаныбыз бар. Анда жалпы адамзатын элеси Кожожаш аркылуу берилсе, табияттын элеси Сур эчки аркылуу берилген. Ошондо кайберендин тукумун улантуучу Алабаш текени Кожожаш атып өлтүргөндөн кийин, мергенчиден өч алыш үчүн аны алдап, адаштырып, азгырып олтуруп аны кайра түшө албас бир зоого такап салат. Ошондо Сур эчки: “ар бир кылган ишиңе эч бир дабаа кылбасын, аскада туруп саргайып, арманда өлсүн бир башың” деп каргап турат. Сур эчкинин бул каргаганы табигаттын каргаганы. Анын сыңарындай жер планетасында “улуу табиятка аяр мамиле кылгыла!” деген ураан деле жөн эле айтылбаса керек. Табият демекчи, дүйнөлүк масштабдагы улуу саясий ишмер, чыгаан философ Фридрих Энгельстин да: “Адамзат табиятты жеңет. Бирок, качандыр бир кезде ал үчүн табият адамзаттан аесуз өчүн алат” деп айтканы бар”. Ал эми «алтындын түбү, тилеги да жаман» – деп илгерки акылман бабаларыбыз деле бекеринен айтпаса керек. Чындап келгенде алтындай акылы бар Аскар Акаевди жер безер, эл безер кылган, Максим Бакиев болсо алтындан чүкө жасатып, аны эрмек катары калчап отуруп, антип тоголок дөөлөткө ашепке кутуруп атасынын да, ага –туугандарынын да түбүнө жеткиргенинин башкы себеби- ушул алтын болгон.
Тунгуч президенттин дарегине курулай доомат ыргытты дегендер болсо, жогоруда айтылган кептер кургак болбош үчүн мындан 24 жыл мурдагы ошол дүйнөлүк аферага карата болгон окуяны дагы бир ириет эстеп көрсөк. Кумтөрдүн алгачкы чатагы кандай бүткөн? Ал кездеги, азыр баарыбыз сыймыктануу менен эскерип жүргөн, (бүгүнкү эл өкүлдөрүнөн кыйла айырмаланган ) чындап элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын алдыңкы катарга койгон легендарлуу парламенттин таркатылышына эмне себепкер болон? Эмне үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп жаткан ошол легендарлуу парламент эл душмандарындай таркатылган? Бул туурасында ал кездеги парламенттин спикери Медеткан Шеримкуловдун кийинчерээк массалык маалымат каражаттарына берген маегинде чечмеленген. Анда ал киши Жогорку Кеңештин жасалма жол менен жоюлганы туурасында негизки эки себебин белгилеген. Биринчиси: өтө чоң мандем жараткан “Камеко” деген компанияга Кумтөрдү берүү. Ал кездеги мамлекеттин башындагы эң жогорку даражалуу жетекчилердин Республиканын алтын запасына жоопкерчиликсиз мамиле кылуусу. Экинчиси: өлкөгө агылып келген кредиттер, (мал жандуу кыргыз баласына ал кездеги айыл-чарбасын башкарган ишмерлер бир кочкорду 4 миң долларга тээтиги бир жердин түбүнөн, анан да климаты дегеле биздин Ала-Тообуздун абасына коошпогон жактан алып келишкен сыяктуу ысырапкорчулуктар сыяктуу-ред.) жана да өлкөдөгү менчиктештирүүлөр өтө эле мыйзам бузуулар менен коштолгонунда болгон. Жогорку Кеңеш ушул эки маселе боюнча коммиссия түзүп, андагы жосунсуз жоруктарды аныктап чыккан. Ушулардын баары 1994-жылы күзгү сессияда ачыкка чыкмак. Аскар Акаевди мына ушулар чочуткан” деген эле, легендарлуу парламенттин ал кездеги төрагасы. Тактык үчүн Медеткан Шеримкуловдун ошол кездерде ММКларга берген маегин окурмандарга сунуштайбыз.
«-Говорят, что причиной роспуска легендарного парламента стала конфликт вокруг золота. Почему комиссия не смогла обнародовать найденные юридические факты, доказывающие безответственное отношение Акаева к запасам золота?
-Вопросы золота стояли еще до начала Кумтора. Потому что начали говорить и о других золотых месторождениях, кроме Макмала. В то время мы составили специальную комиссию, во главе которой стоял Турдакун Усубалиев, депутат, уважаемый старейшина, который руководил республикой 25 лет. Отчет той комиссии был объявлен во все тогдашние СМИ, роздан всем депутатом. Тогда же, еще до Кумтора, всё золото Кыргызстана бессчетно и безнадзорно поступало в карманы других частных лиц. И было открыто сказано, что за этими людьми стоят фигуры Акаева и других руководителей республики. Все это было сказано и объявлено в одно время. То, что вы назвали одной из причин, приведшей к парламентскому кризису сентября 1994 года, вопрос о Кумторе – верно, я с этим полностью согласен. Потому что глава правительства не поддержал и не пришел на собрание в мае 1994 года, когда мы пытались поднять этот вопрос. Как только закончилось наше собрание, Акаевским указом правительству дали приказ подписать соглашение с Камеко о Кумторе. Правительство было вынуждено его подписать. Этот вопрос должен был рассмотреться и на осенней сессии. Потому что некоторые депутаты считали неправильным подписанное правительством соглашение и хотели высказать свои мнения. Мы не смогли провести нашу последнюю сессию из-за того, что во время сессии вопрос о Кумторе мог перерасти в большой скандал. Некоторые руководители правительства, особенно руководители исполнительной власти, поняли это и то, что из-за скандала откроются их истинные лица. Они не допустили наших депутатов на осеннюю сессию, не дали им разрешения на кворум, и вот поэтому мы не смогли провести нашу последнюю сессию. Все говорят, что легендарный парламент распустил Акаев. Легендарный парламент никогда не распускался, и не было указа президента о его роспуске. И не было решения Жогорку Кенеша о том, что мы сами распустимся. Единственное – то, что депутатов не допустили на осеннюю сессию и кворум не состоялся. Президиум Жогорку Кенеша до последнего выполнял свою работу.»
Кенжебек Арыкбаев
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ