Армансыз байлыгы бар делген Иса Өмүркуловдун же айтылуу «Раим миллиондун» бир тууганы Искендер Матраимовдун өз үйлөрү жок экен дегенге ким ишенет?
Мындан 5-6 жыл мурун болсо керек, ал кездеги Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева мал-мүлкү тууралуу толтурган декларациясында өзүнүн үйү жок э к е н и н а й т ы п , майда-чүйдө «көрпайларын» каттап, анан анысына эски «Фольксваген» маркасындагы авто унаасы эле бар экенин кошуп койгон. Ал эми мындан 2 жыл мурунку декларацияда болсо керек, Кыргызстандагы эң бай адамдардын катарына кирген Өмүрбек Бабанов да авто унаасы жок экенин, «айтылуу» Акылбек Жапаров болсо үйү жок экенин белгилеген эле.
Жакындагы жарыяланган декларацияда 90 пайыздан ашыгын олигархтар түзөт делген Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир тобунун үстүндө үйлөрү «жок» болуп чыкканын угуп алып оозубуз Ошту гой, андан да ары жакты карап калды. Чын! Кудайым ошолорду өзүң кечире көр деп аргасыздан жакабызды карманган бойдон калдык. Болбосо, «Раим миллион» деген каймана атка конгон Раимбек Матраимовдун карачечекей бир тууганы Искендер Матраимовдун же миллиондогон баадагы мал-жандыктары бар Иса Өмүркуловдун, Бишкектеги эң кирешелүү делген супер сауна менен мончолордун ээси экен деп эл оозунда эчактан бери айтылып жүргөн Тынчтыкбек Конушбаевдин, өлкөдөгү эң бай кишилердин бири катары саналып жүргөн Азамат Арапаев, Жыргалбек Турускуловдун жана башка «дөөлөттүүлөрдүн» минтип «үйүм жок» дешкендерине ким ишенет? Же алар элди такыр эле келесоо көрүп алышкандан сообу деги? Эми антип мээбизди дагы, убактыбызды да коротпойлу. Айтпаса деле баары түшүнүктүү да? Алардын далайы керек болсо өздөрүнүн ө м ү р л ө р ү н ү н а к ы р ы н а ч е й ин эле эмес, небере-чөбөрөлөрүнө чейин жете турган байлык топтоп койгон адамдар…
Алар кайсы депутаттар экенин өзүңүз карап, баам салып алыңызчы, окурманым. Алар мобулар:
Иса Өмүркулов, Искендер Матраимов, Мурадил Мадеминов, Рыскелди Момбеков, Азамат Арапбаев, Евгения Строкова, Ильхом Маннанов, Мухтарбек Айнакулов, Музаффар Исаков, Нод и р б е к К а р и м о в , Бакытбек Жетигенов, Жыргалбек Турускулов, Алиярбек Абжалиев, Руслан Казакбаев, Мирлан Жеенчороев, Курманкул Зулушев, Талант Мамытов, Зарылбек Рысалиев, Кенжебек Бокоев, Бакытбек Сыдыков, Таабалды Тиллаев, Алтынай Өмүрбекова (учурда вице-премьер министр), Аида Исмаилова, Жунус уулу Адыл, Үмбеталы Кыдыралиев, Айбек Алтынбеков, Алмазбек Баатырбеков, Тынчтыкбек Конушбаев (мончо магнаты), Канат Исаев, Таалайбек Масабиров, Азизбек Турсунбаев, Нурбек Алимбеков, Исланбек Сарсеитов, Улугбек Ормонов, Алмазбек Акматов, Жаныбек Бакчиев, Алмаз Жутанов, Абдыкапар Султанов, Абылкайыр Узакбаев, Абдумажит Юсуров, Алмамбет Шыкмаматов, Сайдулла Нышанов, Наталья Никитенко, Аида Салянова (бул айым 2018-жылдын март айында мандатынан ажыратылган)
Анан да президент С. Жээнбеков тээ башында, декларациялар толтурула башталганда өзгөчө колунда бар делгендерге багышталып, «ар бир толтурулган декларация ачык жазылып жана тыкыр текшерилиши керек» деген маанайдагы «буйругун» айткан эле. Ал эми жогоркулардын толтурган декларациясына киши эмес ит ишенбейт. Ошондо эмне, мамлекет башчысысынын айтканы жөн эле «имитация» болуп калабы? Же мамлекет жетекчисинин айтканын тоготпогондукпу? … Көпчүлүктүн аларга карата итиркейи катуу келгенин туюуштубу, айрымдары түштөн кийин кобурай баштады, «үйүм бар, кантип жок болсун, бирок алар аялыма катталган. «Үйү сөзсүз өзүнө жазылышы керек” деген талап жок да. Ал эми депутатка жеке ишкерлик менен алектенгенге болбойт. Ошондуктан бизнесимди аялыма өткөрүп бергем. Андан тышкары үйүм да ага катталган» деген сыяктуу тантыраган сөздөрүн айтышууда. Бу эмне деген жооп? Логикасын аңдап көрсөңүздөр? Мына… ушундай адамдар азыр Кыргызстандын элинин, мамлекеттин тагдырын чечкен мыйзамдарды чыгарууда. Мындайда алп манасчы Саякбай Каралаевдин «атаны гөрү дүйнө бок» деп санын мыжып- мыжып алгандай, башыңды чайкамак турсун «ушундайлар» үчүн жерге да түкүргүң келбей кетет экен, кара жерди аяп… Кичине кайырмакка илинчү сөз таап айтышса болмок беле деп…
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ