Menu

Жаңы «жомок» –  Өй!

Бөлүшүү:

Армансыз байлыгы бар делген Иса Өмүркуловдун же айтылуу «Раим миллиондун» бир тууганы Искендер Матраимовдун өз үйлөрү жок экен дегенге ким ишенет?

Мындан 5-6 жыл мурун бол­со керек, ал кездеги Жогорку Соттун төрайымы Феру­за Жамашева мал-мүл­кү тууралуу толтур­ган декларациясын­да өзүнүн үйү жок э к е н и н а й т ы п , майда-чүйдө «көр­пайларын» кат­тап, анан анысы­на эски «Фольксва­ген» маркасындагы авто унаасы эле бар экенин кошуп кой­гон. Ал эми мындан 2 жыл мурунку деклара­цияда болсо керек, Кыр­гызстандагы эң бай адамдар­дын катарына кирген Өмүрбек Бабанов да авто унаасы жок экенин, «айтылуу» Акылбек Жа­паров болсо үйү жок экенин бел­гилеген эле.

Жакындагы жарыяланган де­кларацияда 90 пайыздан ашы­гын олигархтар түзөт делген Жогорку Кеңештин депутат­тарынын бир тобунун үстүндө үйлөрү «жок» болуп чыкканын угуп алып оозубуз Ошту гой, андан да ары жакты карап калды. Чын! Кудайым ошолор­ду өзүң кечире көр деп аргасыздан жа­кабызды карманган бойдон калдык. Бол­босо, «Раим милли­он» деген каймана атка конгон Раим­бек Матраимовдун карачечекей бир тууганы Искендер Матраимовдун же миллиондогон баа­дагы мал-жандык­тары бар Иса Өмүр­куловдун, Бишкек­теги эң кирешелүү делген супер сауна менен мончолордун ээси экен деп эл оозунда эчактан бери айтылып жүргөн Тынчтык­бек Конушбаевдин, өлкөдөгү эң бай кишилердин бири ка­тары саналып жүргөн Азамат Арапаев, Жыргалбек Туруску­ловдун жана башка «дөөлөт­түүлөрдүн» минтип «үйүм жок» дешкендерине ким ише­нет? Же алар элди такыр эле келесоо көрүп алыш­кандан сообу деги? Эми антип мээбиз­ди дагы, убактыбы­зды да коротпой­лу. Айтпаса деле баары түшүнүк­түү да? Алардын далайы керек болсо өздөрүнүн ө м ү р л ө р ү н ү н а к ы р ы н а ч е й ­ин эле эмес, небе­ре-чөбөрөлөрүнө чейин жете турган байлык топтоп койгон адамдар…

Алар кайсы депутаттар эке­нин өзүңүз карап, баам салып алыңызчы, окурма­ным. Алар мобулар:

Иса Өмүркулов, Искендер Матраи­мов, Мурадил Ма­деминов, Рыскелди Момбеков, Азамат Арапбаев, Евгения Строкова, Ильхом Маннанов, Мухтар­бек Айнакулов, Му­заффар Исаков, Но­д и р б е к К а р и м о в , Бакытбек Жетиге­нов, Жыргалбек Ту­рускулов, Алиярбек Абжалиев, Руслан Ка­закбаев, Мирлан Же­енчороев, Курман­кул Зулушев, Талант Мамытов, Зарылбек Рысалиев, Кенже­бек Бокоев, Бакытбек Сыды­ков, Таабалды Тиллаев, Ал­тынай Өмүрбекова (учурда вице-премьер министр), Аида Исмаилова, Жунус уулу Адыл, Үмбеталы Кыдыралиев, Ай­бек Алтынбеков, Алмазбек Баатырбеков, Тынчтыкбек Конушбаев (мончо магнаты), Канат Исаев, Таалайбек Ма­сабиров, Азизбек Турсунбаев, Нурбек Алимбеков, Исланбек Сарсеитов, Улугбек Ормонов, Алмазбек Акматов, Жаныбек Бакчиев, Алмаз Жутанов, Аб­дыкапар Султанов, Абылкай­ыр Узакбаев, Абдумажит Юсу­ров, Алмамбет Шыкмаматов, Сайдулла Нышанов, Наталья Никитенко, Аида Салянова (бул айым 2018-жылдын март айында мандатынан ажыра­тылган)

Анан да президент С. Жээн­беков тээ башында, деклара­циялар толтурула башталганда өзгөчө колунда бар делгендерге багышталып, «ар бир толтурул­ган декларация ачык жазылып жана тыкыр текшерилиши ке­рек» деген маанайдагы «буйру­гун» айткан эле. Ал эми жогор­кулардын толтурган деклара­циясына киши эмес ит ишен­бейт. Ошондо эмне, мамлекет башчысысынын айтканы жөн эле «имитация» болуп калабы? Же мамлекет жетекчисинин айтканын тоготпогондукпу? … Көпчүлүктүн аларга карата итиркейи катуу келгенин ту­юуштубу, айрымдары түштөн кийин кобурай баштады, «үй­үм бар, кантип жок болсун, бирок алар аялыма катталган. «Үйү сөзсүз өзүнө жазылышы керек” деген талап жок да. Ал эми депутатка жеке ишкер­лик менен алектенгенге бол­бойт. Ошондуктан бизнесимди аялыма өткөрүп бергем. Андан тышкары үйүм да ага каттал­ган» деген сыяктуу тантыраган сөздөрүн айтышууда. Бу эмне деген жооп? Логикасын аңдап көрсөңүздөр? Мына… ушундай адамдар азыр Кыргызстандын элинин, мамлекеттин тагдырын чечкен мыйзамдарды чыгаруу­да. Мындайда алп манасчы Са­якбай Каралаевдин «атаны гөрү дүйнө бок» деп санын мыжып- мыжып алгандай, башыңды чайкамак турсун «ушундайлар» үчүн жерге да түкүргүң келбей кетет экен, кара жерди аяп… Кичине кайырмакка илинчү сөз таап айтышса болмок беле деп…

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: