Кыргызстанда окуучуларды тамак менен камсыздоо долбоорунун алкагында, өлкөдө ысык тамак берген мектептердин саны көбөйүүдө. Азыркы убакта 145 миңге жакын башталгыч класстын окуучуларына күнүгө ысык тамак берилет.
“Россия менен 5 жылдык мөөнөткө түзүлгөн келишимдин негизинде, мектеп окуучуларына тамак берүү үчүн 10 млн$ суммадагы каражат бөлүнгөн . Бул акчага мектептерге муздаткычтар, электр плиталары, суу жылыткычтар, идиш жуучу машиналар, ысык тамак даярдоо үчүн керектелген бардык жабдыктар алынган”, -деп билдирди Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы.
Мектеп окуучуларына тамак берүү программасы 2013-жылдан бери Россиянын каржылоосу менен иштеп келет. Аталган программанын максаты Кыргызстандагы 2 200 мектептин окуучуларын тамак менен камсыздоо болуп эсептелет.
Кыргызчалаган: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ