Бүгүн, 26-ноябрда Баткен шаарынын прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү Мелис Калыковдун туугандары нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу акциянын катышуучулары билдирди.
Маалыматка караганда, акцияга 300дөн ашуун адам катышууда. Алар Мелис Калыковдун күнөлүү эмес экенин билдирип, адилеттикти талап кылышууда.
Митингдин катышуучулары колдоруна “Биз Баткен облусунун коррупцияланган прокуратурасына ишенбейбиз”, “Биз адилеттикти издейбиз”, “Облустун жана райондун прокурлрлору камакка алынсын”, “Жактоочуларга басым көрсөткөндү токтоткула”, “Прокурорлор жазага тартылышы керек” деген жазуулары бар плакаттарды алып чыгышкан.
Эске салсак, Анарбай Мамажакыпоав 17-ноябрдан 18не караган түнү киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Алдына ала маалыматтарга караганда, мушташка айланган уруштун натыйжасында Мелис Калыков маркумду мылтык менен атып өлтүрүп, анын денесинен арылуу үчүн өрттөп салган.
Шектүү азыркы учурда Ош облусунун убактылуу кармоочу жайында отурат. Ал тергөө кызматкерлери ага карата кыйноолорду көрсөткөнүн билдирген.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ