Бишкекте ит тез жардам унаасынын артынан чуркап бараткан тасма интернетке тараган. Аталган видеону күбөлөр тартып алышкан. Кийинчерээк ал ит “тез жардамдын” кызматкериники экени билинген. Маалыматка караганда, ал ит эки жылдан бери ушинтип унаанын артынан ээрчип чуркап жүрөт жана ага эч ким тыюу сала алган эмес. Тез жардамын кызматкерлери болсо ал итке көнүп, аны жакшы көрүп калышканын билдиришкен.
https://www.youtube.com/watch?v=8dleiIBLCPk
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ