Menu

Элге жаккандар четте калышабы?

Бөлүшүү:

Кыргыз өлкөсүндө не деген генералдардын жоон тобу бар дейсиң? Айрымдары капыстан эле чоң жылдызга ажолордун колдоосу менен ээ болуп калышканы боюнча узун сабак сөз болуп жүрөт. Ал тургай өзүнөн башка эч ким билбеген генералдар дагы бар десек, таң калган деле киши болбостур? Анткени, биздегидей “банан” бир эле кыргызстанда өсөт. Ошондуктан айрым генералдар тууралуу кызыктуу икаялар эл ичинде айтылып жүргөнү бекерден эмес турбайбы?

А бирок, баарын эле бир көгөндө байланган кулундай эсептөө туура болбой калат. Кезинде жакшы иштери аркылуу көпчүлүктүн кадырына татыктуу болгон генералдардан деле уучубуз кур эмес. Ошолордун бири – генерал Бактыбек Жусубалиев экенин ким тана алат? Оозунда омоктуу кеби, мекенчил жүрөгү, топтолгон иш тажрыйбасы бар бул инсан эми элүүдөн ашкан мезгили. Мындай куракта акылы ашып-ташып турарын сезимтал кишилер гана боолголой алат. Тилекке каршы, кыйладан бери ушул кишини бийликтегилер көрмөксөн болуп жатканы өкүнүчтүү. Чамасы ит күлүгүн сүйбөгөн түлкүдөй болуп жатышкан шекилди. Болбосо, чыныгы генералдар четте калмак эмес.

Башкаларга окшоп жутунбай, эшик сагаалабай, өзүн топук кармаган кадрды пайдаланууга убакыт келди. Мыкты кадрды көктөн издебей, жаныбызда эле жүргөн азаматты мекендин кызыкчылыгына колдонсок болбойбу, катыгүн!

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: