Menu

АКШда COVID-19 жуктургандардын саны 2 миллиондон ашты

Бөлүшүү:

Акыркы маалыматтар боюнча АКШда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган адамдар эки миллиондон ашты.

Бир нече штаттын саламаттык сактоо органдары эки жума мурда өткөн Эскерүү күнүнөн кийин ооруканага түшкөндөрдүн саны көбөйгөнүн билдиришти.

10-июнда Аризона штатында рекорддук санда COVID-19 жуктурган жаңы учурлар катталды. Биринчилерден болуп карантиндик чараларды жумшарткан Техас, Флорида жана Түндүк Каролина штаттары да инфекцияга кабылгандардын саны кескин көбөйгөнүн билдиришти.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, АКШда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 2 000 464 кишиге жетти. Өлкө боюнча жалпысынан 113 миң бейтап каза болду.

Күн мурун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму инфекциянын жаңы эпицентри Латын Америкасы болгонун, бул аймакта каза болгон бейтаптардын саны 70 миңден ашканын билдирген.

Источник: “Служба новостей Центральной Азии”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: