Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовго акыркы, чечүүчү айыбы тагылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
Анын айтымында, Кубанычбек Кулматовго Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин «коррупция» беренесинин 2-бөлүгү, кылмышка алдын-ала сүйлөшүп алып даярдануу боюнча айып тагылды, ага ылайык 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Жактоочу белгилегендей, учурда иштин материалдары менен таанышуу процесси башталды, кийин ал Башкы Прокуратурага жөнөтүлүп, андан ары сотко өткөрүлөт. Адвокат ошондой эле ага карата УКМКнын тергөөчүлөрү басым көрсөтүп, айып мыйзамсыз тагылгандыгын кошумчалады.
Тергөөнүн версиясы боюнча, 2014-жылы Кубанычбек Кулматов калаа башчы болуп турганда, эки мектептин курулушуна бөлүнгөн 2 миллион доллар гранттык каражатты мыйзамсыз колдонгон.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ